Биздин окуялар

Подробнее

Жумуш

Подробнее

Өтүнмөлөрдүн үлгүсү

Подробнее

Баанын чогултуу

Подробнее

Жаңылыктар

  • Ош: Ноокаттагы бала бакчанын сейсмикалык туруктуулугу текшерилди
    Ош: Ноокаттагы бала бакчанын сейсмикалык туруктуулугу текшерилди Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы тарабынан Ош облусу, Ноокат районунун Көк-Жар айылындагы бала бакчага инженердик-техникалык текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн максаты - Көк-Жар айылындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин эски имаратынын учурдагы техникалык жана сейсмикалык абалын аныктоо. Адистер имараттын долбоордук документтерин деталдуу изилдеп, курулуш конструкцияларынын ишенимдүүлүгүн баалоо үчүн тиешелүү өлчөө иштерин жүргүздү. Текшерүүнүн жыйынтыгында институт тарабынан курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып,…
  • Май айында өлкө боюнча 87 Техникалык корутунду берилди
    Май айында өлкө боюнча 87 Техникалык корутунду берилди Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан 2026-жылдын май айында республика боюнча 87 курулуш объектисине Техникалык корутунду берилди. Бул корутундулар курулуш объектилеринин жер титирөөгө туруктуулугун, долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына жооп берерин жана техникалык стандарттарга шайкештигин аныктоодо негизги роль ойнойт. Институт тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөр ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфратүзүмдүк объектилерди камтыды. Белгилей кетсек, техникалык корутундуда р инженерлер тарабынан учурдагы имараттардын реконструкциялоосуна техникалык жактан…
  • Кыргызстанда биринчи жолу фасаддык материалдар сейсмикалык сыноодон өткөрүлдү
    Кыргызстанда биринчи жолу фасаддык материалдар сейсмикалык сыноодон өткөрүлдү Бүгүн, 28-майда Кыргыз Республикасында алгачкы жолу фасаддык тутумдарга жана каптоочу материалдарга натуралдык вибродинамикалык сыноо жүргүзүлдү. Сыноо Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан “Сейсмотуруктуу курулуш боюнча эл аралык эксперттер ассоциациясы” юридикалык жактар бирикмеси менен биргеликте уюштурулду. Иш-чарага Курулуш министрлигинин адистери, курулуш компанияларынын өкүлдөрү жана курулуш материалдарын өндүрүүчү ишканалар катышты. Учурда институттун базасында эки кабаттуу сыноо стенди жана көмөкчү имарат…
  • Баткен: Кадамжай сурма комбинатына инженердик текшерүү жүргүзүлдү
    Баткен: Кадамжай сурма комбинатына инженердик текшерүү жүргүзүлдү Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы тарабынан Баткен облусунун Кадамжай шаарындагы сурма комбинатынын имараттарына инженердик-техникалык текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүү "Кадамжай сурма комбинаты" ачык акционердик коомунун имараттарынын учурдагы сейсмикалык жана техникалык абалын баалоо максатында уюштурулду.Адистер долбоордук документтерди кылдат изилдеп, имараттардын конструкциялык элементтеринин ишенимдүүлүгүн аныктоо үчүн тиешелүү техникалык өлчөөлөрдү жүргүздү. Текшерүүнүн жыйынтыгында институт тарабынан курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, аларды мындан ары пайдалануу боюнча тиешелүү…
  • Институт базальт буласы колдонулган арматураларга сыноолорду жүргүзүүдө
    Институт базальт буласы колдонулган арматураларга сыноолорду жүргүзүүдө Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан курулуш материалдарына эксперименталдык сыноо иштери пландуу негизде жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө эксперименталдык сыноолор базальт буласы кошулган арматура менен темир-бетон арматурасы колдонулган көтөрмө аркалардын (балка) айырмачылыктарын, жүк көтөрүмдүүлүгүн жана бекемдигин аныктоо максатында жүргүзүлүп жатат. Бул сыноо иштери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы №360 “Базальт булалары жана материалдары” мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында аткарылууда. Мамлекеттик программанын алкагында институт тарабынан 3 техникалык…
  • Курулуш: Кыргыз–Кытай кызматташтыгы боюнча меморандумга кол коюлду
    Курулуш: Кыргыз–Кытай кызматташтыгы боюнча меморандумга кол коюлду Кыргыз Республикасынын Курулуш караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов жана министрликтин адистери Үрүмчү шаарына болгон иш сапарынын алкагында Синьцзян Курулуш илим изилдөө институту менен Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Жолугушуу Синьцзян Курулуш илим изилдөө институтунун төрайымы Чень Ниндин жетекчилиги алдына өттү. Анда тараптар курулуш тармагындагы тажрыйба алмашуу, инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү жана кытайлык өнөктөштөрдүн Кыргызстандагы инфраструктуралык долбоорлорго катышуусу боюнча келечектүү багыттарды талкуулашты. Бул меморандум Кыргызстан менен…
  • Жаңы Ош базардын курулушундагы конструкциялык материалдардын сапаты текшерилди
    Жаңы Ош базардын курулушундагы конструкциялык материалдардын сапаты текшерилди Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан жаңы Ош базарынын курулушундагы конструкциялык материалдардын сапатына текшерүү жүргүзүлдү. Көчмө текшерүү Бишкектин түндүк тарабы, Достук айылынын жанында курулуп жаткан соода жана базар комплексинде жүргүзүлдү. Адистер керектүү материалдардан үлгүлөрдү алып, темир-бетон конструкцияларынын сапатын текшерди. Иш-аракеттердин жыйынтыгы боюнча институт тарабынан тиешелүү протоколдор берилет. Белгилей кетсек, жаңы соода жана базар комплекси азыркы Ош базарына салыштырмалуу болжол менен 5 эсе чоң…
  • Ош: №41 мектептин имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү
    Ош: №41 мектептин имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы тарабынан Ош шаарындагы №41 Хабиб Абдуллаев атындагы орто мектептин имаратына инженердик-техникалык текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүү Академик Королёв көчөсүндө жайгашкан мектеп имаратында өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты объекттин учурдагы абалын баалоо жана жер титирөөгө туруштуулугун аныктоо болуп саналат. Адистер мектептин долбоордук документтерин карап чыгып, конструкциялык бөлүктөрдүн ишенимдүүлүгүн аныктоо үчүн тиешелүү өлчөөлөрдү жүргүздү. Натыйжада, институт тарабынан…
  • Март айында 81 курулуш объектиси боюнча Техникалык корутунду берилди
    Март айында 81 курулуш объектиси боюнча Техникалык корутунду берилди Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын февраль айында республика боюнча 81 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди. Аталган корутундулар объектилердин жер титирөөгө туруктуулугун баалоого, ошондой эле долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына жана техникалык стандарттарга шайкештигин аныктоого мүмкүндүк берет. Текшерүүлөрдүн алкагында ар түрдүү багыттагы имараттар, анын ичинде социалдык инфратүзүм объектилери да камтылды. Белгилей кетсек, техникалык корутундулар инженерлер тарабынан учурдагы имараттардын реконструкциялоосуна…
  • Бишкектеги ири долбоордун курулушу боюнча инженердик чечимдер талкууланды
    Бишкектеги ири долбоордун курулушу боюнча инженердик чечимдер талкууланды Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов институттун кызматкерлери менен биргеликте борбор калаадагы “Роял Централ Парк” долбоорунун курулуш иштери менен таанышты. Бишкек шаарынын Термечиков 16 дарегиндеги көп функционалдуу шаар комплексинин курулушу 2025-жылдын жаз айларында башталган. Долбоор заманбап архитектуралык чечимдерди жана сейсмикалык коопсуздук талаптарын эске алуу менен ишке ашырылууда. Институт өкүлдөрү тарабынан долбоордун курулушу боюнча бир катар сунуштар…
  • Ош: “Манас” стадионуна инженердик текшерүү жүргүзүлдү
    Ош: “Манас” стадионуна инженердик текшерүү жүргүзүлдү Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы тарабынан Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы “Манас” стадионуна инженердик текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүү борбордук стадиондун бүгүнкү күндөгү техникалык абалын баалоо максатында уюштурулду. Текшерүүнүн жыйынтыгында институт тарабынан курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, объектти мындан ары коопсуз пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыгат.
  • Курула турган жаңы заводдун сейсмикалык коопсуздук маселеси талкууланды
    Курула турган жаңы заводдун сейсмикалык коопсуздук маселеси талкууланды Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов Кытай Эл Республикасынын “Цзюньсин Хуаньбао Кей Джи Инвест” компаниясынын директору Дай Даого менен жолукту. Иш-чаранын алкагында Бишкек шаарындагы таштандыларды кайра иштетүүчү эко-технологиялык заводдун ишмердүүлүгү менен тааныштырылды. Ошондой эле анын жанына кошумча өндүрүш заводун куруу пландары, жер кыртышынын абалы жана сейсмикалык коопсуздук маселелери талкууланды. Жолугушууда кытай тараптын демилгеси менен аталган долбоордун…
  • Имараттардагы суу түтүгү жана канализация ченемдери боюнча жыйын өттү
    Имараттардагы суу түтүгү жана канализация ченемдери боюнча жыйын өттү Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун жыйындар залында “Имараттардын ички суу түтүгү жана канализациясы” курулуш ченемдерин кароо боюнча жыйын өттү. Жыйында министрликтин 2025-жылдын 10-февралындагы №87 ЧУА буйругу менен бекитилген СН КР 40-04:2025 “Имараттардын ички суу түтүгү жана канализациясы” деп аталган ченемдик документтин алкагында суунун салыштырма чыгымы боюнча маселелер көтөрүлүп, талкууланды.Алар:-ишке ашырууга кызыктар уюмдардын сунуштары;-курулуш ченемдерин өзгөртүүгө байланыштуу маселелер;-суу пайдалануу…
  • “Ош Сити” соода борборунун курулушу боюнча жаңы жол картасы иштелип чыгат
    “Ош Сити” соода борборунун курулушу боюнча жаңы жол картасы иштелип чыгат Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун жыйындар залында техникалык кеңешме өттү. Кеңешмеге институттун директору Канат Канболотов жана “Бизнес Хаус КЖ”, “Morphosis & Phoenix Architect” ЖЧКларынын өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө “Ош-Сити” долбоорунун алкагында курулуп жаткан IT-шаарчанын аймагындагы “Ош Сити” соода борборунун имаратынын пайдубалын жана каркасын долбоорлоодо арматуранын бириккен жерлеринде колдонулган жаңы технологиялык ыкмалар талкууланды. Ошондой эле пайда болгон техникалык маселелерди…
  • Ош: Эски пахта заводдун имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү
    Ош: Эски пахта заводдун имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан Ош облусунун Араван районуна караштуу Достук айыл өкмөтүнүн Араван айылындагы мурунку пахта заводдун имараттарына инженердик текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүү эскилиги жеткен имараттардын учурдагы техникалык абалын баалоо максатында уюштурулду. Адистер объекттин техникалык документтерин карап чыгып, имараттардын конструкциялык абалын изилдеп, мүмкүн болгон кемчиликтерге талдоо жүргүздү. Аймактын жалпы аянты 10,84 гектарды түзөт. Текшерүүнүн жыйынтыгында институт тарабынан…

БИЗДИН ПАРТНЕРЛОР

KAZNIISA.KZ

«Казахский научно-исследовательский и проектно-экспериментальный институт сейсмостойкого строительства и архитектуры»

CNIIPMINSTROY.RU

ФГБУ«ЦНИИП Минстроя России»

TSNIISK.RU

ЦНИИСК им. В. А. Кучеренко

IAEEE.KG

Международная Ассоциация экспертов по сейсмостойкому строительству

INTUIT.KG

Международный Университет Инновационных Технологий

ENU.kz

ЕВРАЗИЙСКИЙ НАЦИОНАЛЬНЫЙ УНИВЕРСИТЕТ ИМЕНИ Л.Н. ГУМИЛЕВА

KSUCTA.KG

Кыргызский государственный университет строительства, транспорта и архитектуры им.Н.Исанова

KRSU.EDU.KG

Кыргызско-Российский Славянский университет им. Б.Н. Ельцина

GARANTPROJECT.KG

ОсОО «Гарант проект»

Gpi.kg

ГПИ КР

RCSS.Gov.kg

Стройсертификация КР

Gosexpertiza.Gov.Kg

Департамент Гос Экспертизы

karkas.kg

Karkas KG

BISHKEKKURULUSH.KG

АО Производственно-строительная фирма «Бишкеккурулуш»