2023-жылдын 1нен 30-сентябрына чейин 27 ТК берилди.

анын ичинде:

Инженердик текшерүү:

 

 - Чүй облусу, Аламүдүн району, Октябрь айылы, 22-партсъезд көчөсү, н/ж дарегинде жайгашкан балдар бакчасынын имаратындагы жертөлөдөгү жайлардын техникалык абалын,

 

 - Талас ш., Мадиев көч., №63 дарегинде жайгашкан “Тигүү фабрикасынын” курулуп жаткан имаратын,

 

 - Бишкек ш., Киев көч., 27 дареги боюнча жайгашкан И. Ахунбаев атындагы КММАнын Республикалык диагностикалык дарылоо борборунун имаратынын бир бөлүгүн,

 

- Бишкек ш., Логвиненко көч., №30 дарегинде жайгашкан №3 ҮМБ имаратын,

 

 - Кант ш., Ленин көч., №70 дарегинде жайгашкан соода борборунун имаратына үчүнчү кабатты жана кошумча имаратты кошуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө,

 

 - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн институтунун аймагында жайгашкан №1, №2, №3, №4 жатаканалардын имараттарын,

 

 - Бишкек ш., Москва көч., №174 дарегиндеги №13 мектеп-гимназиянын; Бишкек ш., 11-кичи район, №9/1 дарегиндеги Ч. Айтматов атындагы №63 орто мектептин; Бишкек ш., Жал-29 кичи район, №8 дарегиндеги №80 ОБМнын; Бишкек ш., Токтогул көч., №62 дарегиндеги ҮМБнын (Бишкек мэриясынын ККК) имараттарынын чатырларынын конструкцияларын,

 

2023-жылдын 1нен 30-сентябрына чейин 18 АТШ берилди:

 

анын ичинде:

 

Бишкек ш., Бакаев көч., 132 дарегиндеги "СГО кызматкерлери үчүн административдик имаратты" долбоорлоого атайын техникалык шарттар ("Градстройресурс" ЖЧК)

 

 

 

КР Президентинин Администрациясынын 06.09.2023-ж. № 24-7271 катына ылайык жана КР Мамкурулушунун 06.09.2023-ж. №2-2/6793 тапшырмасын аткаруу максатында “Жаңы экономикалык саясат 2027-жылга чейин” стратегиялык документи иштеп чыгуу боюнча жыйынга институттан Институттун директорунун орун басары К. Т. Канболотов катышты.

 

КР Президентинин Администрациясынын 05.09.2023-ж. № 50777 катына ылайык жана КР Мамкурулушунун 06.09.2023-ж. № 2-2/6755 тапшырмаларын аткаруу максатында Кыргыз Республикасы менен Шандунь провинциясынын ортосундагы корпоративдик кызматташтык боюнча конференцияга институттан Институттун директорунун орун басары К.Т. Канболотов катышты.

 

КР Мамкурулушунун 18.09.2023-ж. № 03/4269 телефонограммасына ылайык чет өлкөлүк ченемдерге ылайык иштелип чыккан долбоорлорду адаптациялоо мүмкүнчүлүгү жана курулуш чөйрөсүндөгү чет өлкөлүк уюмдардын лицензияларын таануу мүмкүнчүлүгү маселелери боюнча кеңешмеге институттун атынан институттун директорунун орун басары К. Т. Канболотов катышты.

 

ЕКнын “ЕВРАЗ соода Компаниясы” ААКтын 13.09.2023-ж. 34/01-278 катына ылайык институттун кызматкерлери 2023-жылдын 18-октябрында “Арматуралык прокаттын жаңы түрлөрүн колдонуу менен натыйжалуу долбоорлоо жана куруу” конференциясына катышышты.  

 

КР Мамкурулушунун 25.09.2023-ж. № 03/4373 катына ылайык социалдык объектилердин типтүү долбоорлорун (мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, ФАП) даярдоо маселелери боюнча кеңешмеге 2023-жылдын 26-сентябрында институттан -Институттун директору К.,И. Кенжетаев катышты.

 

Россия Федерациясынын Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 31.08.2023-ж. № 53169 - СМ/08 катынын негизинде Беларусь Республикасынын Минск ш. өткөн "Курулуштагы техникалык жөнгө салуу куралдары. ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн интеграция шартындагы мамилелер” эл аралык конференцияга 2023-жылдын 26-сентябрынан 29-сентябрына чейин чейин институттан "Лаборатория" бөлүмүнүн башчысы - Аманбекова Айнура Джаманбаевна катышты.