Лаборатория, сапатты контролдоо жана инженердик долбоорлоо (ЛСКжИД) бөлүмү

Бөлүм төмөндөгү иш-милдеттерди аткарат:

  • жер титирөөгө туруктуу курулуш чөйрөсүндө илимдин жана техниканын жетишкендиктерин курулуш долбоорлору аркылуу өнөр жай жана жарандык курулушка жайылтуу;  
  • жер титирөөгө туруктуу жана энергиялык натыйжалуулук боюнча заманбап ченемдерге жооп берген курулуш материалдарын жана буюмдарын сериялап өндүрүү боюнча жаңы технологияларды өздөштүрүү жана эксплуатациялоо долбоорлоруна катышуу;
  • өнөр жай жана жарандык милдеттеги объекттер боюнча ар түрдүү арналыштагы жана жоопкерчилик деңгээлиндеги инженердик тарамдар, тутумдар жана курулмалар, ошондой эле имараттарды кайра профилдөө, кайра мерчемдөө жана реконструкциялоо боюнча долбоордук-конструкциялык эмгектерди иштеп чыгуу; 
  • Институт иштеп чыккан долбоорлоо документтери боюнча ишке ашкан курулушка аныкталган тартипте автордук  көзөмөл жүргүзүү;
  • ар түрдүү арналыштагы жана жоопкерчилик деңгээлиндеги имараттарды жана курулмаларды, алардын жер титирөөгө туруктуулугун, физикалык эскиргендигинин жана техникалык абалын инженердик текшерүүдөн өткөрүү.

 

Лаборатория, сапатты контролдоо жана инженердик долбоорлоо (ЛСКжИД) бөлүмүнүн башчысы Абдыраимов У.А.