Имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун баалоо

ЖТТКжИДМИ  өз ишмердүүлүгүн аныкталган тартипте жүргүзөт, КР Мамкурулушунун ж.б. министрликтердин жана ведомстволордун  тапшырмасы боюнча жер титирөөгө туруктуу курулуш чөйрөсүндө илимий-изилдө  жана тажрыйба-конструкторлук иштерди алпарат,   калкка жана бизнес түзүмдөргө аныкталган тартипте ишкердүүлүк объекттери жана алардын өндүрүшү жайгашкан  имараттарды жана курулмаларды мүнөздөө боюнча кызматтарды көрсөтөт. 
Институт илимий иштерден тышкары имараттарды жана курулмаларды инженердик текшерүүлөрдөн өткөрөт, турган курулманын жер титирөөгө туруктуулугун баалайт.   Көтөрүп туруучу конструкцияларды бекемдөө боюнча зарыл болгон учурларда техникалык чечимдер берилет.   
Кыргызстандын аймагында болуп өткөн жер титирөөлөрдөн жабыркаган имараттардын жана курулмалардын 20дан ашуунуна текшерүүлөр жүргүзүлдү.  Имараттардын бузуулусунун себептери талданып, аларды калыбына келтирүү   жана бекемдөө боюнча ыкмалар берилген. 
Имараттардын жана курулмалардын чыныгы абалын текшерүү (50000 объекттен ашуун), аларды бекемдөө, реконструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, кайра профилдөө ж.б. жүргүзүлдү.