В настоящее время лаборатория контроля и качества Государственного института сейсмостойкого строительства и инженерного проектирования имеет площадь 700 метров квадратных. 

Ар түрдүү арматура бар!
Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун адистери бузулган участоктору, атап айтканда, жабуу плиталары бузулган имаратка кезектеги инженердик текшерүүлөрдү жүргүзүшкөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө институттун кызматкерлери шайкештигин текшерүү үчүн арматуранын үлгүлөрүн алышкан.
Арматура институттун лабораториясына алынып келишип, аны чоюп-сындырууга аракет кылышкан. Ар кандай диаметрдеги арматуралар алынгандыгын белгилей кетүү керек, ал канчага чейин чоюлуп, кандай күч-аракетте сына турганын түшүнүү маанилүү болгон.
Баса, мунун баары атайын чоюп-сындыруучу машинада текшерилет.
Ошентип, институттун адистери ар кандай объектилерди курууда пайдаланылган арматуранын сапатын текшеришет.
Арматура кандай шарттарда кармалганын, ачылгандыгына көп болгондугун, таза же дат баскандыгын билүү дагы маанилүү.
Дал ушул сыноого келсек, арматура долбоордо белгиленген талаптарга жооп берет. Ал долбоордук чечимдерге ылайык келет.
Каалаган адам институтка кайрыла алат, ЖТКИДМИнын адистери жерине барып үлгүлөрүн алышат, баса, арматуранын эле эмес, бетонду дагы керноотборниктин жардамы менен сынап көрүүгө болот. Каралып жаткан объектинин курулуш конструкцияларын текшерүү иштеринин наркын эсептөөнүн үлгүлөрү биздин расмий сайтта бар  www.giss.kg/index.php/ru/contacts/obrazets-kalkulyatsij

Бүгүнкү күндө Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун контролдоо жана сапат лабораториясынын аянты 700 чарчы метрди түзөт.

Лаборатория төмөндөгүлөр менен жабдылган:

 

1. Жүк көтөрүмдүүлүгү 10 тонна болгон көпүрө краны;

 

2. Кубаттуулук полу (узундугу 12 м болгон эки агым);

 

3. Р-20, Р-50 жана Р-100 кубаттуулуктагы металлдарды статикалык сыноо үчүн чоюп сындыруучу машиналары;

 

4. П-10 (мех), ПСУ-10, ПСУ-125 жана ПСУ-250 курулуш материалдарын сыноо үчүн гидравликалык пресстер;

 

5. Вибрациялык машина;

 

6. Нымдуулук өлчөгүч электрондук ным өлчөгүч-МГ4-Б;

 

7. Ультраүндүү калыңдыкты өлчөгүч;

 

8. ПСО-МГ адгезия өлчөгүч;

 

9. ВӨК визуалдык-өлчөө контролунун комплекти;

 

10. МПБ-3 өлчөөчү микроскобу;

 

11. УКС-МГ4, УКС-МГ4С ультраүндүү приборлор;

 

12. ИППС-МГ4.03 бетондун бекемдигин өлчөгүч;

 

13. ПОИСК 2.5 бетондун коргоочу катмарын өлчөгүч;

 

14. DT-125Н нымдуулукту өлчөгүч;

 

15. LA-10108 METREL электр зымдарын табуу үчүн металл детектору.