Кесиптик бирдиктин иши

          КР Мамкурулушунун 2019-жылдын 21-сентябрындагы тапышрмасын аткаруу максатында институттун кызматкерлери бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө арналган  “Эко-деми” коомдук фонду уюштурган экологиялык акцияга катышты.  Акциянын жүрүшүндө   Сухэ-Батор менен С.Каралаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги каналдын бою жана ага караштуу аймак  тазаланды.  

            КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 2019-жылдын 9-сентябрындагы  № 17-9/4217 “Улгайган адамдарга камкордук көрүү жана көңүл бөлүү” урааны астында бир айлык жөнүндө”  катына ылайык  институт Бишкек ш. Интергельпо №8 дарегинде жайгашкан карылар үйүнө ортопедиялык матрацтарды (12 даана) сатып алуу үчүн  30000 сом өлчөмүндө жардам көрсөттү , ошондой эле институттун ардагерлерине 10393,00 сомго азык-түлүктөр берилди. Бардык сумма 40393,00 сомду (кырк миң үч жүз токсон үч) түздү.  

 Институт 2019-жылдын 3-декабрында Кыргыз Республикасынын майыптар фондуна(КРМФ)  5000 сом (беш миң) өлчөмүндө жардам көрсөттү. 

 Институт Н.И. Анапияевага дары-дармектерди сатып алууга  2000 сом (эки миң) акча каражатын бөлүп берди.  

2019-жылдын 4-октябрында институттун кызматкерлери “Кырсыктардын тобокелдиктерин төмөндөтүү: көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору” аталыштагы конференцияга катышты. 

Ошондой эле институттун кызматкерлери Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан 2019-жылдын 8-10-октябырларында уюштурулган, климаттын өзгөрүүсүнө жана ал өзгөрүүлөр билим берүүдөгү көйгөйлөрдү катаалдаткан  жагдайларга арналган   “Мектептердин коопсуздугун жогорулатуу” (GPSS) Борбор Азия чөлкөмдүк форумга катышты. 

            КРӨгө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана маданият мамлекеттик агенттигинин КР Мамлекеттик органдарынын арасында спартакиада өткөрүү жөнүндө кайрылуусуна ылайык  институттун 9 кызматкери  “Тамекисиз спорт” ведомстволор аралык спартакиадага катышып,  Лаборатория бөлүмүнүн башкы адиси А.Т.  Сыргабаев  бильярд  спорту боюнча  II орунга ээ болду.