"5-октябрды кырсыктардын тобокелдигин азайтуунун ар жылдык күнү деп жарыялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы №225-б буйругу менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын аймагында жыл сайын белгиленүүчү "Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү" иш-чарасын өткөрүү максатында.

Институттун жетекчилиги Жарандык коргонуу боюнча жооптуу адистер менен биргеликте өзгөчө кырдаалдарда имараттан жамаатты эвакуациялоо боюнча иш-чара өткөрдү. Иш-чарада өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда имараттан жамааттык эвакуация боюнча иш-чаралар аткарылган, ошондой эле эвакуация учурунда жамаатка эвакуация учурунда алдын алуу жана коргоо чаралары жеткирилген. Эвакуациялоо боюнча окутуунун жүрүшүндө институттун жамаатына имаратты эвакуациялоо жана өрт өчүрүү каражаттарын пайдалануу боюнча үйрөтүүчү видеороликтер көрсөтүлдү.