Институттун 2023-жылдын июль айындагы ишмердүүлүүгү тууралуу отчету

2023-жылдын 1-июлунан 31-июлуна чейин 20 ТК берилди

анын ичинде:

Чүй облусу, Жайыл району, Кызыл - Ой айылы, Жибек-Жолу көч., н/ж дарегинде жайгашкан Түркмөн атындагы орто мектептин имаратынын бир бөлүгүн инженердик текшерүү.

Бишкек ш., Эркиндик бул. 58 дарегинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (КР Президентинин Иш башкармасына караштуу Мамлекеттик имараттар департаменти) имаратынын фасаддарын инженердик текшерүү.

Бишкек ш., Эркиндик көч., 58 "А"дарегинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын имаратынын фасаддарын инженердик текшерүү.

Чүй облусу, Аламүдүн району, Октябрь айылы, Ленин көчөсү, н/ж (Октябрь а/а) дарегинде жайгашкан ҮДТ-12 участкалык ооруканасынын имаратын инженердик текшерүү.

Бишкек ш., Пушкин көч., № 125 дарегиндеги Ленин райондук билим берүү борборун, №2 жалпы билим берүү мектебинин имаратын инженердик текшерүү.

Жалал-Абад облусу, Кара-Көл шаары, "Токтогул ГЭСинин каскады" "Электр станциялары"ААКтын филиалы дарегинде жайгашкан курулуп бүтө элек имаратты инженердик текшерүү. ("Электр станциялары" ААК, "Токтогул ГЭСтеринин каскады").,

Чүй облусу, Аламүдүн району, Кашка-Суу айылы дареги боюнча жайгашкан "Ала-Арча" жаратылыш паркынын аймагында жайгашкан мамкүзөттүн имаратын (КР Президентинин Иш башкармасынын алдындагы "Ала-Арча" КГПП) инженердик текшерүү.

2023-жылдын 1-июлунан 31-июлуна чейин  5-АШТ берилген.

анын ичинде:

Бишкек ш., Маликов көч., 91 дарегиндеги көп функционалдуу турак жай комплексин долбоорлоого атайын техникалык шарттар. (Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын алдындагы "Кыргызстройсервис" МИ).,

Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Кара-Ой айылы ("Турпан Строй" ЖЧК) дарегиндеги “Фонтан Плюс" эс алуу борборун долбоорлоого атайын техникалык шарттар,

  • КР Президентинин Администрациясынын 13.07.2023-ж. №24-5929 куруудагы коопсуздук жана Бишкек шаарындагы шаар смог көйгөйлөрү боюнча катына ылайык 14.07.2023-ж. жыйынга "ИжКИТ" бөлүмүнүн башчысы- К.Т. Канболотов катышты.
  • КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун 2023-жылдын 20-июлундагы №02-3/932-жылдын катынын жана КР Мамкурулушунун тапшырмасынын негизинде, "Курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары" тармагындагы эксперттердин компетенттүүлүгүн тастыктоо боюнча персоналды сертификаттоодо квалификациялык экзамендерге тартуу үчүн институттан 2023-жылдын 25 жана 26-июлунда "ТНиОЗиС" башкармалыгынын башчысы Дж. А.Шаимбетов жана "КМжК" бөлүмүнүн башчысы – Ж. К. Тайлякова катышышты.
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 21.07.2023 - ж. №24-6137 тапшырмасын аткаруу үчүн "Бишкек шаарындагы сейсмикалык коопсуздук жана курулуш" маселеси боюнча кеңешмеге 26.07.2023-ж. институттун директору К.И. Кенжетаев катышты.
  • Ар жуманын дүйшөмбү жана жума күндөрү институттун директору К.И. Кенжетаев жана Институттун директорунун орун басары К. Т. Канболотов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин башчысы А. У. Жапаровдун төрагалыгы астында №1 административдик имаратынын объектисиндеги кеңешмеге катышышат.