ЖТКИДМИнин техникалык кеңешинин отуруму институттун залында болуп өттү.

Күн тартибинде эки маселе каралды:

1."1" жана "2" блокторун, Бишкек ш., Раззаков көчөсү, № 6 дерегиндеги объектини: "өзүнүн аймагында кеңсе жайлары жана жер астындагы унаа токтотуучу жайы бар 15 кабаттуу турак үйдү" долбоорлоого иштелип чыккан АТШны кароо жана бекитүү, (29.12.2022-ж. 286/22-келишим), тапшырыкчы "Стерлинг Групп" ЖЧК. АТШны иштеп чыгуунун зарылдыгы - КР КЧжЭ 20-02:2009 "Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери” ченемдерине ылайык имараттын кабаттуулугун көбөйтүү.

Баяндамачы – Дуйшеев А.А.
2. Бишкек ш., Сүйүмбаев көч., № 123/1 дарегиндеги объектти: "өзүнүн аймагында СМТ объектилери жана жер астындагы унаа токтотуучу жайы бар 14 кабаттуу турак жай комплекси" долбоорлоого 13.09.2019 ж. 029-2019 АТШны (түзөтүү киргизүү) кароо жана бекитүү, (21.12.2022-ж. 281/22-келишим), тапшырыкчы "Башат" ЖЧК. АТШга түзөтүү киргизүү зарылдыгы болуп жаңыланган эскиздик долбоорго ылайык кабаттуулугунун көбөйүшү саналат.

Баяндамачы-Дуйшеев А. А.