2023 – жылдын 09-январынан 28-февралына чейинки мезгилде институт тарабынан инженердик иликтөөлөр жүргүзүлүп, имараттардын жана курулмалардын техникалык абалына жана жер титирөөгө туруктуулугуна 29 техникалык корутундулар (ТК) берилди.

 

2023 – жылдын 09-январынан 28-февралына чейин аткарылган атайын техникалык шарттардын (АТШ) жалпы саны-11 АТШ түздү.

 

"Спутник Кыргызстан" маалымат агенттигинин жана радиосунун (14.02.2023 – жылдагы №2-4/1209) катына ылайык 02.2023-жылы "Түркиядагы жер титирөөнү эске алуу менен Кыргызстандагы имараттардын жер титирөөгө туруктуулугу, куруучунун жоопкерчилиги" темасындагы тегерек столго (брифинг), институттан "ИжКИТ" бөлүмүнүн башкы адиси- А.С. Калыков катышты.

Бишкек шаарынын мэриясынын 25.02.2023-ж. №12 телефонограммасына ылайык, объектти реконструкциялоону долбоорлоонун жана куруунун мыйзамдуулугу жөнүндө комиссиянын отурумуна институттан 2023-жылдын 25-февралында институттун директору К.И. Кенжетаев жана "ИжКИТ" бөлүмүнүн башчысы К. Т. Канболотов катышты.

"ТНиОЗиС" башкармалыгынын башчысы Дж.А. Шаимбетов, "Лаборатория" бөлүмүнүн башчысы– А. Ж. Аманбекова жана "СКиМ" бөлүмүнүн башчысы Ж.К. Тайлякова ЕАЭБдин "Курулуш материалдарынын жана буюмдарынын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентинин мыйзамын иштеп чыгууга катышууда.