2023-жылдын 31 январында Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун имаратында ЖТКИДМИнин техникалык кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Анда төмөнкү маселелер каралды:

Бишкек ш., Трудовая көч., № 9 дарегиндеги объектти: "өзүнүн аймагында дүкөнү, кеңсеси жана жер астындагы унаа токтотуучу жайы бар 17 кабаттуу турак үйдү" долбоорлоого иштелип чыккан АТШны кароо жана бекитүү, тапшырыкчы "Имран" ЖЧК. АТШны иштеп чыгуу зарылдыгы – КР КЧжЭ 20-02:2009 "Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери.” ченемдерине ылайык имараттын кабаттуулугунун жана бийиктигинин ашып кетүүсү.
Баяндамачы – Тайлякова Ж.К.

Бишкек ш. дарегиндеги объектти " мансардасы, СМТ жана жер астындагы унаа токтотуучу жайы бар 12 кабаттуу турак үйлөрдү" долбоорлоого иштелип чыккан АТШны кароо жана бекитүү, тапшырыкчы "Козен" ЖЧК. АТШны иштеп чыгуунун зарылдыгы – КР КЧжЭ 20-02:2009 "Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери.” ченемдерине ылайык имараттын кабаттуулугунун жана бийиктигинин ашып кетүүсү.
Баяндамачы – Канболотов К.Т.

Ар түрдүү