2023 – жылдын 1-31-майга чейинки мезгилде институт тарабынан инженердик иликтөөлөр жүргүзүлүп, имараттардын жана курулмалардын техникалык абалына жана жер титирөөгө туруктуулугуна 31 техникалык корутундулар (ТК) берилди.

Анын ичинде инженердик текшерүү жүргүзүлдү:

-Нарын облусу, Ак-Талаа району, Ак-Тал айылы дареги боюнча жайгашкан мектептин имаратынын курулуш конструкцияларына инженердик текшерүү,

-Ысык-Ата району, Нурмамбет айыл өкмөтү, А. Токтоналиев айылы, Найзабековод көчөсү №1 дарегинде жайгашкан А.Молдокулов атындагы ОМнын имаратынын (ашканасынын) бир бөлүгүнө инженердик текшерүү, 

-Бишкек ш., Боронбаев көч. №26 дареги боюнча жайгашкан Балдар үчүн №141 ДОО чачыраткыч бассейнинин курулуш конструкцияларына инженердик текшерүү,

-Талас облусу, Талас шаары, Ч.Айтматов көч. №220 дареги боюнча жайгашкан оорукананын имаратынын курулуш конструкцияларына инженердик текшерүү,

-Чүй обл., Панфилов району, Тельман айылы, Күлчоро көч. №27 дарегинде жайгашкан ДҮБТнин имаратынын курулуш конструкцияларына инженердик текшерүү,

-Чүй обл., Панфилов р-ну, Биринчи май а., Административная 7/2 дарегинде жайгашкан ДҮБТнин №4 аймагындагы имаратка инженердик текшерүү, 

-Бишкек ш., Кривоносов көч. 206 дарегинде жайгашкан "Медициналык тез жардам клиникалык ооруканасынын" томографиясынын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн жайлардын курулуш конструкцияларына инженердик текшерүү, 

-Объектке: "Ысык-Көл"эл аралык аэропортунун аймагында узундугу 15 км тосмо куруу" инженердик текшерүү, 

-Чүй облусу, Жайыл району, Полтавка айылы, Центральная көчөсү 33 дарегинде жайгашкан конторанын 2 кабаттуу имаратына инженердик текшерүү, 

-Чүй облусу, Москва району, Беловодск а., Ломоносов көчөсү №2а дареги боюнча жайгашкан балдар бакчасынын жана башталгыч мектептин имаратына инженердик текшерүү,

-Чүй облусу, Ак-Чий уч. дарегинде жайгашкан СЭЗдин аймагында "Бишкек" СЭЗдин имаратына инженердик текшерүү, 

2023 – жылдын 1-31-майга чейинки аткарылган атайын техникалык шарттардын (АТШ) жалпы саны-7 АТШ түздү.

Анын ичинде инженердик текшерүү жүргүзүлдү:

-Ысык-Көл району, Бостери айылы дарегиндеги курорттук райондо "Имарат Резорт" эс алуу борборун долбоорлоого атайын техникалык шарттар, 

Улуу Жеңиш күнүн майрамдоого карата 9-майда Институт тарабынан Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Хатипов Ниязи Зухдиге 15000 (он беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилди.