2023 – жылдын 1-апрель айынан 30-апрель айына  чейинки мезгилде институт тарабынан инженердик иликтөөлөр жүргүзүлүп, имараттардын жана курулмалардын техникалык абалына жана жер титирөөгө туруктуулугуна 21 техникалык корутундулар (ТК) берилди.

Анын ичинде инженердик текшерүү жүргүзүлдү:

- Бишкек ш., Кривоносов көч. №206 дарегинде жайгашкан “КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун” №1 дарылоо корпусунун төрт кабаттуу "В" блогунун жана №2 дарылоо корпусунун эки кабаттуу "Д" блогунун курулуш конструкцияларына 

- Чүй обл., Аламүдүн р-ну, Молдовановка айылы дареги боюнча жайгашкан бала бакчанын имаратына;

- Тоголок Молдо көч. №3 дареги боюнча жайгашкан М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун имаратынын 1, 2 жана 3-блоктордун үчүнчү кабатындагы бөлмөлөрүнө;

- Чүй облусу, Аламүдүн району, Ак-Чий айылы дарегиндеги "Бишкек" СЭЗдин аймагында жайгашкан суу мунараларынын техникалык абалына.

2023 – жылдын 1-апрель 30-апрель чейинки аткарылган атайын техникалык шарттардын (АТШ) жалпы саны-4 АТШ түздү.

Анын ичинде:

Бишкек шаары, "Бакай-Ата" жаңы конушу дарегиндеги балдар бакчасынын имаратын долбоорлоого атайын техникалык шарты берилди.