Институттун кызматкерлери Мамкурулуштун директору Н.А. Джетыбаев жана институттун директорунун орун басары К.И. Кенжетаевдин жетекчилиги астында Тажикстан менен болгон чыр-чатактын натыйжасында жабыркаган Баткен облусунун социалдык-маданий-тиричилик объектилерине, турак жайларга жана башка объектилерге инженердик текшерүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Азыркы учурда Лейлек району боюнча 20дан ашык турак жай объекттерине, анын ичинде 5 социалдык-маданий-тиричилик жана турак жай фондунун объекттерине текшерүүлөр жүргүзүлдү.