2022-жылдын 1нен 30-сентябрына чейин 23 ТК берилди.

анын ичинде:

Бишкек ш., Жал-23 кичи району дареги боюнча жайгашкан А. Сыдыков атындагы №72 мектеп-гимназиянын имаратындагы бассейнге инженердик текшерүү,

 Бишкек ш., Тыныстанов көч., № 257 дареги боюнча жайгашкан Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин имаратынын түндүк жана батыш фасаддарына инженердик текшерүү,

 Бишкек шаары, Эркиндик 57 дареги боюнча жайгашкан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин имаратынын фасаддарына инженердик текшерүү,

Бишкек ш., Жукеев Пудовкин көч.-Ахунбаев көч., №92 (Балдар онкологиялык – гематологиялык борбору) дареги боюнча жайгашкан "Улуттук онкология жана гематология борборунун 7 кабаттуу имаратын жаңы оорукана корпусун куруу менен реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо” объектиге инженердик текшерүү,

 2022-жылдын 1нен 30-сентябрына чейин 6 АТШ берилди:

анын ичинде:

Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Кара-Ой айылы., (ЖЧК "Турпан Строй") дареги боюнча жайгашкан мурдагы "Камвольщик" пансионатынын аймагындагы “Турпан Резорт” эс алуу борборунун бассейнин долбоорлоого атайын техникалык шарттар,

Бишкек ш., 12 кичи район дареги боюнча жайгашкан өзүнчө бөлүнгөн аймакта билим берүү борборунун объектисин долбоорлоого атайын техникалык шарттар,

 

2022-жылдын сентябрь айындагы Баткен окуяларында жабыр тарткан калкка жардам көрсөтүү максатында институт тарабынан кызматкерлердин бир күндүк эмгек акысынын өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлүп, 26795,20 сом суммасындагы каражаты которулган.

Институттун кызматкерлери Тажикстан менен болгон жаңжалдын натыйжасында бузулган Баткен облусунун социалдык-маданий-тиричилик объектилерине, турак жайларга жана башка объекттерине акысыз негизде инженердик текшерүү жүргүзүштү. Азыркы учурда 17 турак жай жана 17 социалдык-маданий-тиричилик объекттерине инженердик текшерүү жүргүзүлдү.