2021 жылдын апрель айында  техникалык корутундулардын (ТК) жалпы саны 11 , анын ичинен төмөнкү объектерге:

“Кумтөр” алтын кен казуу фабрикасынын (“Кумтөр Голд Компани) ЖАКсы) реагенттик участогунун курулуш конструкцияларына, Жалал-Абад областы, Ала-Бука району, “Бозымчак” кени (КАЗ МинералзБозымчак” ЖЧКсы) дарегинде жайгашкан азот кислотасы кампасы СДЯВ-2 кампасына кайра багыттоо максатында жана Ысык-Көл областынын Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Алтын Балалык” Балдар реабилитациялоо борборунун курулушу бүтө элек “А”, “Б”, “В”, “К” жана “Н” блокторуна инженердик текшерүү жүргүзүлдү.

1- 30-апрелге чейин 2 Атайын техникалык шарттар (АТШ) берилди:

Таш-Дөбө айылы, №5 контур, №4/1 участок дарегинде менчик аймакта “Социалдык-маданий тиричилик обьектилери жана автотоктотмосу, чатырдагы от казаны менен 18 кабаттуу көп батирдүү турак үй” обьектисин долбоорлоого жана Л. Толстой – Садырбаев көчөлөрүндө жайгашкан Социалдык-маданий тиричилик обьектилери, кеңсе жайлары жана жер астындагы автотоктотмосу менен турак комплексти долбоорлоого (“Нур Строй монтаж” ЖЧКсы) Атайын техникалык шарттар берилди.

Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин 2021.26.03.№10-0/1010 “Жалпы республикалык эки айлык ишембиликке” катышуу тууралуу тапшырмасына ылайык, институтта 2021-жылдын 3-10-17-апрелинде ишембилик өткөрүлүп анда институттун чектеш аймактары жана жайлары тазаланган.

Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин 2021.23.04. №348/2021 “Курулуш, Энергетика, Атайын техника, Коопсуздук” 18 - Эл аралык конгресстик-көргөзмө форумуна катышуу тууралуу тапшырмасын аткаруу үчүн институттун кызматчылары 20-22-апрелде Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 97 (КМДТжСАнын имаратынын манежи) дарегинде өткөн көргөзмөгө катышты.