Норруз майрамыныздар мене!!!

Нооруз майрамыңыздар кут болсун!

Жаратылыштын жаңылануусун жана табияттын жандануусун

жар салган Нооруз майрамы босогобузда турат.

Нооруз бул – жаңы күндүн башталышы, ал жаңы күн дайыма

жашоого болгон асыл тилектер,

келечекке болгон жаркын үмүттөр менен башталган.

Нооруз - өз ара түшүнүүнүн, кечиримдүүлүктүн, терең ишенимдин, үзүлбөс үмүттүн учугун улаган улуу майрам болуп саналат.

Элибизде ар дайым биримдик, ынтымак болсун!

Бул улуу күнү үйүңүзгө кут конуп, ишиңиздерди ийгиликтер жылоолоп, элибизге ынтымак-ырашкерлик, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келсин!