2021 жылдын февраль айында  техникалык корутундулардын (ТК) жалпы саны 7 , анын ичинен төмөнкү объектерге:

Бишкек ш. Бөкөнбаев №88 дарегинде жайгашкан (ГП «Кыргызтеплоэнерго»), администрациялык имарат  инженердик текшерүүдөн  өткөрүлдү.

   Таш - Мойнок айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Беш - Күнгөй айылы дарегиндеги бассейни, кафеси, жайкы аянтчасы, түндүк тарабында конок үйү бар ден соолукту чыңдоо - оюн - зоок комплексин долбоорлоого АТШ иштелип чыгып, берилди.  

Бишкек ш. Масалиев, Бакаев дарегинде жайгашкан “Көп функциялуу бизнес борборун” долбоорлоого иштелип чыккан АТШнын түп нускасы ББ “Статус”ЖЧКга өткөрүп  берет.  

 

Ошондой эле, 2018-жылдын 31-декабрындагы № 32-чуа КР КЧ 20-02:2018 “Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери” ченемине өзгөртүүлөр киргизилип, КР Мамкурулушунун 17.02.2021. №42-чуа буйругу менен бекитилди.

2021-жылдын  26-февралында №43-чуа буйругу менен долбоорлорду бүткөрүү максатында, Мамкурулуш тарабынан КР КЧ 20-02:2018 “Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери” жана КР  КЧжЭ 20-02:2009.  ченемдерине параллелдүү иш-аракеттердин мөөнөтүн узартуу жөнүндө буйрук чыгарылды.