2021-жылдын 1-майынан 31-майына чейин обьектилердин техникалык абалына жүргүзүлгөн инженердик текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча - 16 ТК берилди.

Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин 2021-жылдын 1-майындагы №02-10/1526 Баткен областынын кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү тууралуу тапшырмасын аткаруу үчүн институт тарабынан институттун ар бир кызматчысынын бир күндүк эмгек акысы өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлдү, жалпы 30374, 92 (отуз миң үч жүз жетимиш төрт сом токсон эки тыйын) сом суммадагы каражат КР ФМ Борбордук казынасы банкынын №4409021103005073 эсебине которулду.

Институт тарабынан  Баткен областынын Лейлек районундагы Максат айылынын милиция бөлүмүнүн жана “Максат” мектебинин имараттарына акысыз негизде инженердик техникалык текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча корутундулар Мамкурулушка берилди. Ошондой эле институттун кызматчылары тарабынан Баткен областынын Лейлек районунун Максат айылындагы бала бакчага да текшерүү жүргүзүлдү. Аткарылган жумуштардын наркы 70 миң сомду түздү (иш сапар чыгымдары, текшерүү боюнча жумуштар ж.б.).

Институт тарабынан 9-Май Улуу Жеңиш күнүнө карата Улуу Ата мекендик согуштун ардагери Н. Х. Хатиповго 10000 (он миң) сом өлчөмүндө акча каражат жана профсоюз комитетинин атынан тамак-аш түрүндө жардам көрсөтүлдү. 

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  “Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу” долбоорунун 2 Компонетинин алкагында IT консулътантты тандоо боюнча комиссиянын жыйынын өткөрүү тууралуу катына ылайык, 2021-жылдын 7-майында директордун орун басары К. И. Кенжетаев комиссияга катышкан.

Институттун кызматкерлери  2021-жылдын 25-26-майында “Хаят” мейманканасынын конференция жайында өткөн “Кырсыктарга туруктуулукту жогорулатуу жана 2020-2022-ж.ж. Борбордук Азияда кырсык тобокелдиктерин азайтуу боюнча Сендай алкактык программасын тез аткаруу” долбоорун ишке ашыруу боюнча семинарга катышып келишти. 

Аталган семинардын жыйынтыгы боюнча институт мындан ары “Кыргызстанда кырсык тобокелдиктерин азайтуу боюнча улуттук платформа” программасынын ишине катыша алат.