2020-жылдын февраль айында институт 14 объектти инженердик текшерүүдөн өткөрүп, имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугуна Техникалык шарттарды (ТШ) берди, алардын ичинде:

 Техникалык абалга  12 ТШ   жана  кайра профилдөө менен кайра пландоого  2 ТШ. Текшерүүдөн өткөн 14 объекттин ичинен:  ЖАМТ 3 объектиси жана 3 мектеп, калган объекттер:  администрациялык имараттар, турак үйлөр жана батирлер.

8 объектке имараттарды жана курулмаларды  долбоорлоого атайын  Техникалык шарттар иштелип чыгып, берилди:   1 объект Ош шаарында, 1 объект Кемин районунда, калган 6 объект Бишкек шаарында.

Институт 2020-жылы КР Мамкурулушунун 11.06.2018. (№13-НПА) буйругу менен бекитилген “Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму жөнүндө” жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү  боюнча иштерди жүргүзүүдө жана  төмөндөгү 6 (алты) ченемдик документти (КЧ жана КЭ) кайра иштеп чыгууну мерчемдөөдө: 

  1. “Ош шаарынын жаракаларга чектеш аймактарын долбоорлоо жана ал жерде куруу”;
  2. “Турган курулуштардын имараттарын кайра профилдөө, реконструкциялоо, кайра түзүү” (КЧ КР 31-01-2019);
  3.  Курулуш терминологиясы(КЭ КР 10-102:2019);
  4. “Имараттардын ички суу түтүктөрү жана канализациясы”;
  5. “Жылытуу, желдетүү жана абаны кондициондоштуруу” (КЧжКЭ 04.05-91);
  6. “Асма желдетилүүчү фасад тутумдары. Долбоорлоо жана иш өндүрүү эрежелери” (КЭ КР 53-101:2020 );
  7. “Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму жөнүндө” жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду иштеп чыгуу.

   Жогоруда аталган ченемдик документтер тиешелүү каржылоо болгон учурда гана иштелип чыгат.