Институт тарабынан 2020-жылдын 8-январынан 31-январына чейин 10 (он) объект текшерилди: 1 объект кайра профилдөөгө, 1 объект кайра пландаштырууга, 1 объект чатырын алмаштырууга, 1 объект үстүнө курууга  жана 6 объекттин  техникалык абалы текшерилди. Алардын ичинде Т. Абдумомунов ат. Кыргыз Драм театрынын имараты,  №174 Мектепке чейинки билим берүү уюмунун имараты.

 Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугуна техникалык корутундулар берилди.

Ошондой эле институт тарабынан имараттарды долбоорлоого 4 (төрт) Атайын техникалык шарт иштелип чыкты.