Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 12 айдын ичинде, 2019-ж. 8-январынан 31-декабрына чейин институт тарабынан төмөндөгү объекттердин имараттарына жана курулмаларына инженердик текшерүүлөр жүргүзүлдү.

Жалпысынан Техникалык корутундулардын саны– 161 (бир жүз алтымыш бир) түздү.

Ал эми атайын Техникалык шарттар жалпы саны – 54 (элүү төрт) түздү.

Институттун кызматкерлери директор А.Ж. Сыдыков баш болуп Казакстан Республикасынын Алмата шаарында 4.11.19 тартып  7.11.19. чейин «КазНИИСА»  ААКнын сыноо базасында жүргүзүлгөн эки кабаттуу болот  тактасында “Асма фасад тутумдарында” дирилдетип-титиретүүчү сыноолорго катышып келишти.

КР Мамкурулушунун буйругунун негизинде (№107-ком.  12.11.2019) институттун директору А.Ж.Сыдыков  2019-ж.13-16-ноябрына чейин Казакстан Республикасынын Алмата шаарында КМШнын базалык уюмунун жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча биринчи отурумуна катышып келди. 

КР  Эмгек жана  социалдык өнүгүү министрлигинин 09.09.2019 № 17-9/4217  буйругуна ылайык  “Улгайган жана кары адамдарга көңүл бөлүү жана камкордук көрүү” урааны алдында бир айлык  өткөрүүнүн алкагында   институт тарабынан   Бишкек ш. Интергельпо №8 дарегинде жайгашкан Карылар үйүнө 30000 сом өлчөмүндө материалдык жардам: ортопедиялык матрастарды (12 даана) алууга жана институттун ардагерлерине азык-түлүк алууга  10393,00 сом өлчөмүндө жардам  көрсөтүлдү.  Жалпы суммасы: 40393,00 сомду (кырк миң үч жүз токсон үч сом) түздү.

КР Мамкурулуштун тапшырмасынын негизинде Кыргыз Республикалык инвалидтер коомуна 5000(беш миң) сом өлчөмүндө жана гр. Н.И.Анапияевага  дары-дармек сатып алууга 2000(эки миң сом) өлчөмүндө финансылык жардам көрсөтүлдү.