Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун жалпы жамаатынын атынан жаңы 2019-жылга чын дилден куттуктоолорду кабыл алып коюңуздар! 

 Жаңы жыл – эң сүйүктүү жана жаркын майрамдардын бири. Бул майрам баарыбызды жалпы үмүттөр, тилектер жана келечекке умтулууларыбыз менен бириктирип келген майрам.  

      Өткөн жыл жемиштүү, аракетке бай, жигердүү иштердин жылы болду.  Алдыда жаңы милдеттер турат, алардын эң маанилүүсү – курулуш тармагын өнүктүрүү.  

     Мен өзүмдүн атымдан курулуш тармагындагы кесиптештерге     жалпыбыз көздөгөн иштерибиздин алдыга жылышы үчүн кылган аракеттери, жогорку кесиптик деңгээлдеги ак ниеттүү эмгектери үчүн  чын дилимден ыраазычылык билдирип кетким келет. 

Кирип  келген жылы алдыга койгон максаттардын ишке ашырылышын, жаңы жылдын ар бир күнү  жакшылыктар менен коштолушун изги ниетимден  каалайм.

      Ар бириңиздерге бекем ден соолук, тынчтык, бакыт, үй-бүлөңүздөрдө сүйүү жана түшүнүүнү каалап кетүүгө уруксат этиңиздер!   

     Жаңы жылыңыздар менен!

Урматтоо менен,
Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору   Аскатбек  Сыдыков

             Толук маалымат: admin

             Түзүлдү: 2018-ж. 28-декабрь