2018-жылдын 4-январынан 31-декабрына чейин  институт тарабынан төмөндөгү объекттердин имараттарына жана курулмаларына инженердик текшерүүлөр жүргүзүлдү жана жер титирөөгө туруктуулугуна  Техникалык шарттар төмөндөгү көлөмдө   берилди:

Инженердик текшерүүдөн өткөн объекттердин жана берилген Техникалык шарттардын жалпы саны   – 140 (бир жүз кыркты) түздү.

         59 (элүү тогуз) объектти долбоорлоого атайын Техникалык шарттар иштелип чыгып, берилди.  

         2018-жылдын 31-декабрына институт тарабынан турак жана турак эмес жайларга 130 паспорт түзүлдү.

         Ошондой эле Мамкурулуштун тапшырмаларына ылайык төмөндөгү иштер аткарылды:

        - Мамлекеттик тилди жана улуттук маданиятты колдоо максатында институт тарабынан «Тил жана маданият», «Кыргыз Туусу», «Эркин Тоо», «Кыргыз Тили», «Вечерний Бишкек» гезиттерине 2018-ж. экинчи жарым жылдыгына жазылуу жүргүзүлдү;

- КРПАнын тапшырмасын аткаруу максатында институттун адистери тарабынан КР Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын урологиялык борборунун конструкцияларынын чыныгы абалы текшерилип,  Техникалык корутунду берилди;

-   курулуштагы ченемдик документтерди иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле институт апта сайын ар бир КЧжЭ боюнча маалымат берип турган (КР Мамкурулушунун дарегине жөнөтүлгөн каттар:   № 7-133, № 9-135, № 11-134   22.02.18-ж., №11-183   20.03.18-ж., 11-203   27.03.18-ж., №11-210   30.03.18-ж., №11-224   03.04.18-ж., №11-228 10.04.18-ж., №11-230  10.04.18 -ж., №11-234  13.04.18-ж., № 11-242  17.04.18-ж., №11-258 от 21.04.18г., №11-266 от 24.04.18г., № 7-250 от 19.04.18г., №2-274   27.04.18-ж., №9-301  15.05.18-ж., № 9-312   17.05.18-ж., № 9-318  24.05.18-ж., №11-340   01.06.2018-ж., № 11-353   07.06.2018-ж., №11-389   22.06.2018-ж., №2-392   26.06.2018-ж., №11-411   29.06.2018-ж., №11-424   05.07.2018-ж., №6-447  12.07.2018-ж., №11-450  13.07.2018-ж., №11-458  19.07.2018-ж., 11-478   24.07.2018 –ж. 1-523   13.08.2018 -ж., 11-532   22.08.2018-ж., 11-533   24.08.2018-ж., 6-549  06.09.2018-ж., 2-562   17.09.2018-ж., 6-572   19.09.2018-ж., 7-583   25.09.2018-ж., 6-600    4.10.2018-ж., 6-617    9.10.2018-ж.., 7-633  22.10.2018-ж.., 1-674   15.11.2018-ж.

КР КЧ иштеп чыгуу боюнча аткарылган иштер КР Мамкурулушунун отурумдарында каралган:   25.12.2017-ж., 12.01.2018 –ж., 19.01.2018-ж, 26.01.2018-ж., 14.02.2018-ж., 23.03.2018-ж., 20.04.2018 –ж., 11.05.2018-ж., 25.05.2018-ж.

Мындан тышкары  КР КЧ 12-02:2018 «Курулуш өндүрүшүн уюштуруу» жана  КР КЧ 12-01:2018 «Курулштагы эмгек коопсуздугу» 18.06.2018-ж. КР Мамкурулушунун Техникалык кеңешинде каралган.

2017-ж. №2  21-декабрында  “6 ченемдик-техникалык документти иштеп чыгуу жана актуалдаштыруу жөнүндө”  КР Мамкурулуш менен болгон келишимге ылайык  төмөндөгү ЧТДлар боюнча иштер аяктады:   

  1. Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму жөнүндө жобо; 

  2.  КР КЧ 12-01:2018 «Курулштагы эмгек коопсуздугу»

  3. КР КЧ 12-02:2018 «Курулуш өндүрүшүн уюштуруу» ЧТДлар  боюнча А4 форматында 100(жүз) даана китеп басылып чыкты. 

КР Мамкурулушунун 2018-ж. 31-декабрындагы буйругу менен төмөндөгү 3 ЧТД бекитилди:  

1.  КР КЧ 22-01:2018 «Турган курулуштун имараттарынын жер титирөөгө туруктуулугун баалоо»;

  2. КР КЧ 20-02:2018 «Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери».

3.   КР КЧ 31-02:2018 “Бишкек шаарынын Ысык-Ата сыныгына чектеш аймактарын долбоорлоо жана ал жерде куруу”

Ошондой эле   КР КЧ 23-05:2019 «Табигый жана жасалма жарык берүү» ченемдик документтин үстүндө иш жүргүзүлүүдө жана институттун “Жумушчу топ  түзүү жөнүндө”  19.09.2018-ж. №131-өнд. буйругу  чыкты. 

Учурда КР министрликтеринен жана ведомстволорунан, курулуш уюмдарынан жана долбоорлоо институттарынан сын пикирлер жана сунуштар алынып бүттү. 

Жумушчу топ тарабынан КР КЧ 23-05:2019 «Табигый жана жасалма жарык берүү» ченемдик документин иштеп чыгуу боюнча 7 кеңешме өткөрүлүп, бул документтин долбоору түзүлдү. 

 Институт апта сайын КР КЧлардын иштелип чыгышы жана аткарылып жаткан иштер туурасында  КР Мамкурулушуна маалымат жөнөтүп турган. 

КР Мамкурулушунун КРӨнүн “Биримдик, Ишеним, Жаратуу” Программасын ишке ашыруу боюнча мерчемин  аткаруу максатында,  КРӨ   2018-ж. 30-августундагы  №413    «КРӨнүн 2018-жылга иш-чараларынын мерчемин бекитүү жөнүндө» токтомун жана 36.п. ылайык (“Курулуш” бөлүмү) институтта “Бирдиктүү терезе”  тутуму киргизилген. 

     Институт   бейшемби  сайын ОАЦжВС бөлүмүнө КРӨнүн мерчемин аткаруу боюнча маалымат жөнөтүп турат.

 КРӨ 2011-ж. 29.08. №523 “Кыргыз Республикасынын 2012-2019-жылдардагы сейсмикалык коопсуздугу” токтомунун долбоорун бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун долбоору 2018-ж. 19-июлунда КР министрликтерине жана ведомсвтолоруна макулдашууга жиберилди.  

  Учурда бардык министрликтерден  жана ведомстволордон  макулдашуу барагы келип, КР Өкмөтүнүн Аппаратына жиберилди. 

      Мындан тышкары институттун кызматкерлери 2018-ж. 25-27 -апрелдерде    Бишкек ш. болуп өткөн  Эл аралык  «Строительство, Энергетика, Спецтехника, Безопасность» 16-конгресстик-көргөзмө форумуна катышты.     

      - институттун кызматкерлери 2018-ж.  27-апрелинде  КР Вице-премьер-министри З.М. Аскаров менен Бишкек ш. Чүй-Кулиев көчөсүндө жайгашкан   «Ош базары» соода-комплексинин өрттөн жабыркаган ишкерлери менен жолугушууга катышты.     Вице-премьер министрдин  тапшырмасы боюнча инженердик текшерүү жүргүзүлүп, Техникалык корутунду берилди.   

    - институт жем корлукка каршы мерчемделген иштерди ар дайым аткарып келет.   ( КР Мамкурулушунун мерчеминин п.2.1).

 Институттун директору КР Мамкурулушунда 28.06.2018-ж. болуп өткөн корупциялык схемаларды КР Коопсуздук кеңешмесинин секретариатынын эксперттери тарабынан жою боюнча   чогулушуна катышкан.  Институттун кызматкери КР 2017-2025жж. курулуш тармагындагы стратегияны иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү.   Институтта    «Ишеним телефону» (0312 631312) ар дайым иштеп турат.     

 13.04.2018-ж. ЖТТКжИДМИнин кызматкерлери жамааттык чогулуш өткөрүп, анда жем корлук тобокелдиктери   жана жем корлук менен күрөшүү боюнча алдын алуучу иштер жүргүзүлдү. КР Мамкурулушуна жем корлукту пайда кылуучу кызматтардын тизмеси жөнөтүлдү.

    9-майда Жеңиш күнүн 73 жылдыгына карата  профсоюздук  комитет   Хатипов Ниязи Зухдиге жана ардагерлер коомуна -12000 сом өлчөмүндө бир жолку  жардам көрсөттү. 

     -  Мамкурулуштун 2018-ж. 08.05. № 2-851 жана КРӨ Аппаратынын жетекчисинин 2018-ж. 07.05. № 25-15/10 тапшырмасын аткаруу максатында, “Кыргызстандагы табигый кырсыктарга туруктуулукту жогорулатуу” тармактар аралык долбоорун ишке ашыруу үчүн ведомстволор аралык комиссиянын курамына директордун орун басары      К.И.Кенжетаевдин талапкерлиги сунушталган жана институттун жетекчиси ар дайым Мамкурулуштун кенешмелерине катышып турат.   

- Казакстан Республикасынын  Аламты ш. 2018-ж. 1-4-мартына чейин  болуп өткөн (КР Мамкурулушунун  28.02.18-ж. № 9-ком буйругун аткаруу үчүн) “Курулуш тармагынын санариптик трансформацияланышы” эл аралык конференцияга 5 кызматкер катышып келди. 

- Тажикстан Республикасынын Дүйшөнбү ш. 2018-ж. 7-9-июнуна чейин болуп өткөн Курулуштагы ченемдик-техникалык документтерди гармониялаштыруу аталыштагы КМШ өлкөлөрүнүн курулуш комплексиндеги техникалык жөнгө салуу боюнча базалык уюмдун отурумунда  институттун директору катышты.     

        - Бишкек ш. 2018-ж. 24-30-июнуна чеийн болуп өткөн Жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча  II Эл аралык конференцияга  институттун 7 кызматкери катышты.

-  Ысык-Көл обл. 2018-ж. 27-29-июлунда болуп өткөн   II Эл аралык конференциянын экинчи бөлүгүнө   К.И.Кенжетаев, Г.В.Косивцов, К.Т.Канболотов катышты. II Эл аралык конференцияга  жигердүү катышкандыгы үчүн:

         - институттун директору У.Ш.Азыгалиев  «Конференциянын спикери» тастыктамасы менен;

   - башкармалыктын начальниги Г.В. Косивцов   «Жер титирөөгө туруктуу курулуштү өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» ардактуу төш белгиси менен;

 -  институттун кызматкерлери  К.Т. Канболотов,  А.С. Калыков  тастыктама менен сыйланышты.

- КР Вице-премьер министринин 07.06.2018 №1-4/1528 тапшырмасын аткаруу максатында жана КР Мамкурулуштун 25.06.2018 №2-1182 катын ишке ашыруу үчүн, КРӨ караштуу Жаштар жана дене тарбия жана спорт иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин катына ылайык      КР мамлекеттик органдарынын арасында спартакиада өткөрүлүшүнө байланыштуу  институттун бөлүм башчысы  А.А. Дуйшеев шахмат оюну боюнча 7-орунга ээ болду. 

- Институттун кызматкерлери КРӨ 2018-ж. 28-июнундагы “Кыргызстан – жашыл экономиканын өлкөсү” концепциясын бекитүү жөнүндө” токтому менен таанышып чыгышты жана аны мындан ары өз ишмердүүлүгүндө жетекчиликке алышат.

   “Куруучулар күнүнө” карата  2 кызматкер КР Мамкурулушунун ардак грамотасы менен сыйланышты. 

 - КР ИИМнин Тергөө иштери кызматынын кайрылуусу боюнча Чүй обл., Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылынын 28 курулмасын инженердик текшерүүдөн өткөрүү үчүн жумушчу топ түзүлүп, иштер жүргүзүлдү. 

 - институттун кызматкерлери КР Мамкурулушунун тапшырмасын аткаруу максатында Кочкор районунун Сары-Булак айылынын мектебин куруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамында иштешти. 

- Өзбекстан Республикасынын Ташкент ш. курулуп жаткан 9 кабат имаратты  дирилдөө динамикалык сыноодон өткөрүү боюнча иштерине К.Т.Канболотов жана Р.А.Мусаков катышты.     

- Талас обл. Кара-Буура районунун Кайнар айылыныдагы 225 орундук мектептин пайдубалындагы сыныктын пайда болушунун себептерин иликтөө үчүн институттан К.Т.Канболотов катышты.  

- Нарын дарыясы аркылуу өткөн  биринчи эстакадалык көпүрөнү сыноодон өткөрүүгө   институттан  - Р.А.Мусаков катышты.

 - Ыссык-Көл обл.Чолпон-Ата ш. КР жана КМШ өлкөлөрүнүн профсоюздук окүлдөрү катышкан семинарга  ПК төрагасы  С. Калыков катышты.    

- 2018-ж. 5-9-ноябрына чейин БДБнын чакыруусу боюнча   К.И. Кенжетаев  Түркия Республикасынын  Стамбул ш. Мектеп жана мектепке чейинки мекемелерди жер титирөө коркунучтарынан сактоону жогорулатуу боюнча  программага катышты. 

- 2018-ж. 27-30-ноябрында директордун м.а.    К.И.Кенжетаев    Орусия Федерациясынын Москва ш. болуп өткөн Курулуш ишмердүүлүгүндөгү кызматташууга арналган 38-Өкмөттөр аралык кеңешмеге катышты.

- КРӨ 2018-ж. 9-январындагы №4 буйрутмасына ылайык   2 кызматкер: мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис  Абдыраимова Г.К “Управление государственными закупами товаров, работ и услуг»  курстарына жана жетектөөчү адис (юрист)Таалайбеков Э.Т.«Антикоррупционная политика» курсуна катышты. 

     - Мамкурулуштун катына ылайык  «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата” 34 кызматкер ишембиликке чыкты.  

- КР ӨКМ өкүлү  Жарандык коргонуу боюнча мерчем боюнча     (п.3)   5-сентябрдан 5-октябрга чейин тобокелидктерди төмөндөтүү боюнча дарстарды окуду.  

Учурда институттун лабораториялык-өндүрүш базасын калыбына келтирүү иштеринин биринчи этабы жүргүзүлүүдө. 

  Мындан тышкары,   КР министрликтери жана   ведомстволору,  Дүйнөлүк банк,  JICA ( Япония элчилиги), ЮНИДО, Куруучулар биримдиги жана Бизнес Ассоциациялар менен лабораторияны жабдууга каражаттарды бөлүү  боюнча кат алышуу жүрүүдө. 

КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин  10.09.2018-ж. № 17-9/5418  катына ылайык, институт     Бишкек ш. Абай көч. Карылар үйүнө    23000 сом өлчөмүндө  (курулуш материалдар жана сыйынуу бөлмөсүнө килем)  жана институттун ардагерлерине  7200 сомго азык-түлүктөрдү сатып берди.  Жалпы суммасы - 30200 сомду түздү  (отуз миң эки жүз сом).

   “Лейлек-90” –иш-чарасына  5000 сом жардам көрсөтүлдү.

     Мамлекеттик тил күнүнө карата кызматкерлер жаңылмач, ыр, мака-лакаптарды жатка айтышып,  викториналарды уюштурушту.

 Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата 12-сентябрдан 12-декабрга чейин  үч айлыкка карата  институттун кызматкерлери тарабынан төмөндөгү иш-чаралар өткөрүлдү:

-    Ч. Айтматовдун бейнесине арналган дубал гезити чыгарылды;

-  «Ата-Бейит» мемориалдык комплекске барышты;

-   Ч. Айтматовдун 10 томдугу кызматкерлер тарабынан сатып алынды.

Мындан тышкары,  «Боорукер сезим» иш-чарасы өткөрүлүп   300 (үч жүз) сомдон  10 (он) билет  майыптарга сатып берилди.

      Институт тарабынан КР Мамкурулушунун директорунун апталык мерчемине ылайык аткарылып жаткан иштердин мониторинги жүргүзүлүп турат.   

КР Мамкурулушунун директорунун мерчеминин милдеттерине жана иш-аракеттерине ылайык иштер жүргүзүлүп жана толук аткарылды. 

 

  1. Имараттардын жана курулмалардын чыныгы абалын анализдөө.

   Объекттерди паспорттоштуруу иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле   12 айдын ичинде  130 объектке паспорт түзүлдү. Ошондой эле 12 айдын ичинде 140 Техникалык корутунду берилип, долбоорлоого 59 техникалык шарт иштелип чыкты. 

 

  1. Ченемдик-укуктук акттары иштеп чыгуу. Институт төмөндөгү 6 ЧТДны иштеп чыгып, КР Мамкурулушу тарабынан бекитилди:

  2. Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму жөнүндө жобо (11.06.2018-ж №13-нпа буйругу); 

  3.  КР КЧ 12-01:2018 «Курулштагы эмгек коопсуздугу» » (23.07.2018-ж.   №15-нпа буйругу);

  4. КР КЧ 12-02:2018 «Курулуш өндүрүшүн уюштуруу (10.07.2018-ж. №14-нпа  буйругу). 

  5.   КР КЧ 22-01:  «Турган курулуштун имараттарынын жер титирөөгө туруктуулугун баалоо»;

  6. 5. КР КЧ 20-02: «Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери».

  7.   КР КЧ 31-02:  “Бишкек шаарынын Ысык-Ата сыныгына чектеш аймактарын долбоорлоо жана ал жерде куруу”.

3.Илимий-өндүрүш ишмердүүлүк. (такшалтмадан өтүү, конференцияларга, семинарларга катышуу, сыноолорду өткөрүү ж.б.)       

             - КР Мамкурулушунун директорунун 08.12.2016.  № 210 “Чет өлкөгө кызматтык иш сапарлар жөнүндө” буйругуна ылайык  Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту  чет өлкөгө иш сапарлар туурасында отчетту жана отчеттук материалдарды  аныкталган таризде өз убагында берип турат.   

Өз   убагында аткарылып, жооп берилген иштер:

         - КР ПА 79 тапшырмасы;

         -   Премьер-министрдин  - 55 тапшырмасы;

         -   КР ЖогоркуКеӊешинин-  5     тапшырмасы;

          - КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин   -  552  суроо-талабы;  

- ар кандай уюмдардын жана мекемелердин,  жеке жактардын - 404 кайрылусу;

-  администрация тарабынан 168 -  жаран кабыл алынган.

Директордун мерчемделген иштеринин/аракеттеринин аткарылышы туурасында жана аткарылган иштер туурасында отчет институттун сайтында апта сайын  жарыяланат жана ар бир айдын 1инде Мамкурулуштун пресс-катчысына сайтка жайгаштыруу үчүн жөнөтүлүп турат. 

             Толук маалымат: admin

              Түзүлдү: 2019-ж. 10-январь