КРӨ “Биримдик, Ишеним, Жаратуу” Программасын ишке ашыруу боюнча КР Өкмөтүнүн 2019-2023 жылдарга каралган иш-чаралар мерчемин ишке ашыруу максатында КР Мамкурулушунун тапшырмасын жана  КР Өкмөтүнүн 2018-ж. 30-августундагы №413 “КР Өкмөтүнүн 2018-жылга иш-чаралардын мерчемин бекитүү жөнүндө” токтомун аткаруу  үчүн  Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан Мамкурулуштун директорунун иш мерчемине ылайык иштер жүргүзлүүдө жана аткарылган иштердин мониторинги ар дайым жүргүзүлүп турат.  

2018-жылдын 04-январынан 13-декабрына чейин   институт тарабынан 129 объектке инженердик текшерүүлөр жүргүзүлүп, Техникалык корутундулар берилди. Ошондой эле долбоорлоо үчүн    56 объектке атайын Техникалык шарттар иштелип чыгып, берилди.  Аталган мезгилде (6 КЧжЭ)ЧТДларды иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө, алардын 3 ЧТДсы иштелип бүттү.

 Учурда институт 3 КЧжЭни актуалдаштыруу боюнча иш алпарууда.

  1. КР КЧ 22-01:2018 «Турган курулуштун имараттарынын жер титирөөгө туруктуулугун баалоо»;
  2. КР КЧ 20-02:2018 «Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери».
  3. КР КЧ 31-02:2018 “Бишкек шаарынын Ысык-Ата жаракасына чектеш аймактарын долбоорлоо жана ал жерде куруу”
  4.    КР КЧ 22-01:2018 «Турган курулуштун имараттарынын жер титирөөгө туруктуулугун баалоо»,   КР КЧ 31-02:2018 “Бишкек шаарынын Ысык-Ата жаракасына чектеш аймактарын долбоорлоо жана ал жерде куруу” ченемдери КР Юстиция министрлигинде макулдашууга жөнөтүлгөн.   

            Толук маалымат: admin

             Түзүлдү: 2018-ж. 14-декабрь