2018-жылдын 4- январынан 30- ноябрына чейин  институт төмөндөгү инженердик текшерүүлөрдү жүргүздү жана имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугуна  техникалык шарттар төмөндөгү көлөмдө   берилди:

    Инженердик текшерүүдөн өткөн обүекттердин жана берилген Техникалык шарттардын жалпы саны   – 127(бир жүз жыйырма жетини) түзөт.

 Объекттерге долбоорлоого атайын Техникалык шарттар иштелип чыгып берилди.   Долбоорлоого атайын Техникалык шарттардын жалпы саны 53 (элүү үчтү) түздү.  2018-ж. 30-ноябрына институт турак жана турак эмес жайларга 104 паспорт түздү.

 Мамкурулуштун тапшырмалары боюнча төмөндөгү иштер аткарылды:

  - мамлекеттик тилди колдоо жана улуттук маданиятты өнүктүрүү максатында 2018-жылдын экинчи жарым жылдыгына «Тил жана маданият», «Кыргыз Туусу», «Эркин Тоо», «Кыргыз Тили», «Вечерний Бишкек» гезиттерине жазылуу уюштурулган. 

- КР ПА протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында институттун адистери тарабынан КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук Урологиялык борбордун чыныгы абалын текшерүүдөн өткөрүү жүргүзүлүп, Техникалык корутунду берилген.  

 -   курулуштагы ченемдик-техникалык документтерди иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.  Ошондой эле ар бир КЧжЭни иштеп чыгуунун жүрүшү  туурасында жума сайын Мамкурулушка маалымат берип турат.  ( КР Мамкурулушунун дарегине жөнөтүлөгн каттар № 7-133, № 9-135, № 11-134  22.02.18-ж., №11-183   20.03.18-ж., 11-203   27.03.18-ж., №11-210   30.03.18-ж., №11-224   03.04.18-ж., №11-228  10.04.18-ж., №11-230  10.04.18-ж., №11-234   13.04.18-ж., № 11-242  17.04.18-ж., №11-258   21.04.18-ж., №11-266  24.04.18-ж., № 7-250   19.04.18-ж., №2-274  27.04.18-ж., №9-301  15.05.18г., № 9-312   17.05.18-ж., № 9-318   24.05.18-ж., №11-340   01.06.2018-ж., № 11-353  07.06.2018-ж., №11-389   22.06.2018-ж., №2-392   26.06.2018-ж., №11-411    29.06.2018-ж., №11-424  05.07.2018-ж., №6-447   12.07.2018-ж.., №11-450  13.07.2018-ж., №11-458  19.07.2018-ж., 11-478  24.07.2018-ж., 1-523   13.08.2018-ж., 11-532  22.08.2018-ж, 11-533   24.08.2018-ж., 6-549   06.09.2018-ж., 2-562   17.09.2018-ж., 6-572  19.09.2018-ж., 7-583  25.09.2018-ж.,6-600   4.10.2018-ж.,6-617  9.10.2018-ж.,

7-633  22.10.2018-ж., 1-674  15.11.2018-ж.

КР КЧЖЭлерин иштеп чыгуу боюнча аткарылып жаткан иштер туурасында отчеттор  КР Мамкурулушунун отурумдарында угулган:   25.12.2017 -ж, 12.01.2018 -ж, 19.01.2018  , 26.01.2018  , 14.02.2018  , 23.03.2018  , 20.04.2018  , 11.05.2018  , 25.05.2018  жана кийинки  и   КР 12-02:2018 «Курулуш өндүрүшүн уюштуруу”  КЧжЭ жана  КР 12-01:2018 «Курулуштагы эмгек коопсуздугу» КЧжЭ  18.06.2018 –жылы КР Мамкурулушунун Техникалык кеңешинде каралган.

Мамкурулуш менен ЖТТКжИДМИ ортосунда 2017-ж. 21-декабрында №2 “Ченемдик-техникалык документти иштеп чыгуу жана актуалдаштыруу боюнча”  6  келишим түзүлгөн .

1. Курулуштагы ченемдик документтер жөнүндө жобо 11.06.2018-ж. № 13-нпа буйругу менен бекитилип, расмий сайтка жарыяланган. 

2.  КР 12-02:2018 «Курулуш өндүрүшүн уюштуруу”  КЧжЭ 2018-ж.  10- июлунда№14-нпа буйругу менен  бекитилип, мамлекеттик «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланган.  Минюсттагы катоо номери  № 127  18- июль 2018-ж.

3.   КР  12-01:2018 «Курулуштагы эмгек коопсуздугу» КЧжЭ  23.07.2018 –жылы  № 15-нпа  буйругу менен  бекитилип, мамлекеттик «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланган. Минюсттагы катоого 27- июль 2018-ж. берилген.

 Институт төмөндөгү 3 ЧТД боюнча иштерди аяктап, А4 форматындагы китептерди жүз нускада чыгарды:

 

1.  КР 10-01:2018 «Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму» КЧжЭ;

        2.   КР 12-01:2018 «Курулуштагы эмгек коопсуздугу» КЧжЭ;

        3.   КР  12-02:2018  «Курулуш өндүрүшүн уюштуруу» КЧжЭ;

Учурда  КР 22-01:2018 «Турган курулуштун имараттарынын жер титирөөгө туруктуулугун баалоо» КЧжЭ министрликтерде жана башка ведомстволордо макулдашууга жиберилген.   

      Калган 2   КР КЧжЭ КР Мамкурулушунун жана ЖТТКжИДМИнин сайттарына талкууга коюлган. 

-   КР 20-02:2018 «Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери» КЧжЭ.

       КР 31-02:2018 «Бишкек ш. Ысык-Ата сыныгына чектеш аймактарда долбоорлоо жана ал жерлерде куруу» КЧжЭ.

Учурда министрликтерден жана башка ведомстволордон сунуштар келип түшүүдө.

Ошондой эле КР 23-05:2019 «Табигый жана жасалма жарык берүү» КЧжЭ ченемдик документти иштеп чыгуу үчүн №131-ПР   19.09.2018-ж. буйругу менен  жумушчу комиссия түзүлгөн. 

 Жумушчу комиссия аталган КЧжЭ боюнча 7 жолу кеңешме өткөрүп, КЧжЭнин  долбоорун даярдады.

 Жума сайын институт КР Мамкурулушуна КР КЧжЭлерге тиешелүү

Иштердин аткарылышы туурасында отчет жөнөтүп турат.   

КР Мамкурулушунун “Өкмөттүн Биримдик, Ишенич, Жаратуу” мерчемин аткаруу боюнча тапшырмасын ишке ашыруу максатында    институт жума сайын бейшемби күндөрү ОАЦжВС бөлүмүнө КРӨ мерчеминин аткарылышы туурасында отчет жөнөтүп турат.   

КРӨ 2011-ж. 29.08. №523 “Кыргыз Республикасынын 2012-2019-жылдардагы сейсмикалык коопсуздугу” токтомунун долбоорун бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун долбоору 2018-ж. 19-июлунда КР министрликтерине жана ведомсвтолоруна макулдашууга жиберилди.  

Учурда бардык министрликтерден  жана ведомсвтолордон  макулдашуу барагы келип, КР Юстиция министрлигине жиберилди. 

КР Юстиция министрлигинин сунушу боюнча токтомдун долбоору Өкмтөттүн расмий сайтына коомдук талкууга коюлду.  

Учурда долбоор сунуштарды жана сын пикирлерди эске алып, КР Финансы министрлигине жиберилди. 

      Институттун кызматкерлери 2018-ж. 25 - 27 -апрелдерде    Бишкек ш. болуп өткөн  Эл аралык  16- конгресстик-көргөзмө форумунда катышты.    

      - Институттун кызматкерлери 2018-ж.   27 -апрелдерде  саат 10до    КР Вице-премьер-министри З.М. Аскаров менен  «Ош базары» соода-комплексинин өрттөн жабыркаган ишкерлери менен жолугушууга катышты.     Вице-премьер министрдин  тапшырмасы боюнча инженердик текшерүү жүргүзүлүп, Техникалык корутунду берилди. 

    - институт   «Ишеним телефону» (0312 631312) ар дайым иштеп турат.  

    - институт ар дайым жем корлукка каршы мерчемделген иштерди аткраып келет.   ( КР Мамкурулушунун мерчеминин п.2.1).

 Институттун директору КР Мамкурулушунда 28.06.2018-ж. болуп өткөн кооруупциялык схемаларды КР Коопсуздук кеңешмесинин секретариатынын эксперттери тарабынан жою боюнча   чогулушуна катышкан.    

     -   9-майда Жеңиш күнүн 73жылдыгына карата  профсоюздук  комитет   Хатипов Ниязи Зухдиге жана ардагерлер коомуна   -12000 сом өлчөмүндө бир жолку  жардам көрсөттү. 

- Мамкурулуштун 2018-ж. 08.05. № 2-851 жана КРӨ Аппаратынын жетекчисинин 2018-ж. 07.05. № 25-15/10 тапшырмасын аткаруу максатында, “Кыргызстандагы табигый кырсыктарга туруктуулукту жогорулатуу” тармактар аралык долбоорун ишке ашыруу үчүн ведомстволор аралык комиссиянын курамына директордун орун басары      К.И.Кенжетаевдин талапкерлиги сунушталган.   

- Казакстан Республикасынын  Аламты ш. 18-ж. 1-4-мартына чейин  болуп өткөн (КР Мамкурулушунун  28.02.18-ж. № 9-ком буйругун аткаруу үчүн) “Курулуш тармагынын санариптик трансформацияланышы” эл аралык конференцияга 5 кызматкер катышты. 

- Тажикстан Республикасынын Дүйшөнбү ш. 18-ж. 7-9-июнуна чейин болуп өткөн Курулуштагы ченемдик-техникалык документтерди гармониялаштыруу аталыштагы КМШ өлкөлөрүнүн курулуш комплексиндеги техникалык жөнгө салуу боюнча базалык уюмдун отурумунда  институттун директору катышты.     

        - Бишкек ш. 18-ж. 24-30-июнга чеийн болуп өткөн Жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча  II Эл аралык конференцияга  институттун 7 кызматкери катышты.

-  Ысык-Көл обл. 18-ж. 27-29-июлунда болуп өткөн   II Эл аралык конференциянын экинчи бөлүгүнө   К.И.Кенжетаев, Г.В.Косивцов, К.Т.Канболотов катышты. II Эл аралык конференцияга  жигердүү катышкандыгы үчүн:

         - институттун директору У.Ш.Азыгалиев  «Конференциянын спикери» тастыктамасы менен;

   - башкармалыктын начальниги Г.В. Косивцов   «За вклад в развитие сейсмостойкого строительства» ардактуу төш белгиси менен;

 -  бөлүм башчылары  К.Т. Канболотов,  А.С. Калыков  тастыктама менен сыйланышты.

- КР Вице-премьер министринин 07.06.2018 №1-4/1528 тапшырмасын аткаруу максатында жана КР Мамкурулуштун 25.06.2018 №2-1182 катын ишке ашыруу үчүн, КРӨ караштуу Жаштар жана дене тарбия жана спорт иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин катына ылайык      КР мамлекеттик органдарынын арасында спартакиада өткөрүлүшүнө байланыштуу  институттун бөлүм башчысы  А.А. Дуйшеев шахмат оюну боюнча 7-орунга ээ болду. 

- Институттун кызматкерелри КРӨ 2018-ж. 28-июнундагы “Кыргызстан – жашыл экономиканын өлкөсү” концепциясын бекитүү жөнүндө” токтому менен таанышып чыгышты жана аны мындан ары өз ишмердүүлүгүндө жетекчиликке алышат.

  -   КР Мамкурулушунун 30.05.2018-ж. № 66 « КР Мамкурулушунун кызматкерлерин мамлекеттик аттестациялоодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө”  жана  11.06.2018-ж. №126 «КР Мамкурулушунун ведомстволук жана аймактык органдарынын кызматкерлерин аттестациядан өткөрүү жөнүндө”  буйруктарын аткаруу максатында институт    кызматкерлердин тизмелерин тийиштүү органдарга берген.

- “Куруучулар күнүнө” карата  3 кызматкер сыйлыкка көрсөтүлдү. 

-  Бишкек ш. ЖЭБинин ХВО 1 ХЦ техникалык текшерүүдөн өткөрүү боюнча 7 адамдан турган жумушчу топ түзүлгөн, активдүү иштер жүрүп жатат (“Жоопкерчилик жөнүндө” 18-ж. 25.0.7 №115-пр буйругу) .

- Чүй обл., Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылынын 28 курулмасын инженердик текшерүүдөн өткөрүү үчүн жумушчу топ түзүилүп, штер жүрүүдө. 

  

- институттун кызматкерлери КР Мамкурулушунун тапшырмасын аткаруу максатында Кочкор районунун Сары-Булак айылынын мектебин куруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамында иштешти. 

- Өзбекстан Республикасынын Ташкент ш. курулуп жаткан 9 кабат имаратты  дирилдөө динамикалык сыноодон өткөрүү боюнча иштерине К.Т.Канболотов жана Р.А.Мусаков катышты.      

- Талас обл. Кара-Буура районунун Кайнар айылыныдагы 225 орундук мектептин пайдубалындагы сыныктын пайда болушунун себептерин иликтөө үчүн институттан К.Т.Канболотов катышты.  

- Нарын дарыясы аркылуу өткөн  биринчи эстакадалык көпүрөнү сыноодон өткөрүүгө   институттан  - Р.А.Мусаков катышты.

 - Ыссык-Көл обл.Чолпон-Ата ш. КР жана КМШ өлкөлөрүнүн профсоюздук окүлдөрү катышкан семинарга  ПК төрагасы  С. Калыков катышты.    

-  2018-ж. 5- 9- ноябрына чейин БДБнын чакыруусу боюнча   К.И. Кенжетаев  Түркия Республикасынын  Стамбул ш. Мектеп жана мектепке чейинки мекемелерди жер титирөө коркунучтарынан сактоону жогорулатуу боюнча  программага катышты. 

- 2018-ж. 27-30-ноябрында директордун м.а.    К.И.Кенжетаев    Орусия Федерациясынын Москва ш. болуп өткөн Курулуш ишмердүүлүгүндөгү кызматташууга арналган 38-Өкмөттөр аралык кеңешмеге катышты.

- КРӨ 2018-ж. 9-январындагы №4 буйрутмасына ылайык   2 кызматкер: мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис  Абдыраимова Г.К “Управление государственными закупами товаров, работ и услуг»  курстарына жана жетектөөчү адис (юрист)Таалайбеков Э.Т.«Антикоррупционная политика»курсуна катышты. 

 - «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата” 34 кызматкер ишембиликке чыкты. 

- КР ӨКМ өкүлү  Жарандык коргонуу боюнча мерчем боюнча     (п.3)   5-сентябрдан 5-октябрга чейин тобокелидктерди төмөндөтүү боюнча дарстарды окуду.   

Учурда институттун лабораториялык-өндүрүш базасын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. 

  Мындан тышкары,   КР министрликтери жана   ведомстволору,  Дүйнөлүк банк,  JICA ( Япония элчилиги), ЮНИДО, Куруучулар биримдиги жана Бизнес Ассоциациялар менен лабораторияны жабдууга каражаттарды бөлүү  боюнча кат алышуу жүрүүдө. 

КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин  10.09.2018-ж. № 17-9/5418  катына ылайык, институт     Бишкек ш. Абай к. Карылар үйүнө на   23000 сом өлчөмүндө  (курулуш материалдар жана сыйынуу бөлмөсүнө килем)  жана институттун ардагерлерине  7200 сомго азык-түлүктөрдү сатып берди.  Жалпы суммасы - 30200 сомду түздү  (отуз миң эки жүз сом).

   “Лейлек-90” –иш-чарасына  5000сом жардам көрсөтүлдү.

Мамлекеттик тил күнүнө карата кызматкерлер жаңылмач, ыр, мака-лакаптарды жатка айтышып,  викториналарды уюштурушту.

 Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата 12-сентябрдан 12-декабрга чейин  үч айлыкка карата  институттун кызматкерлери тарабынан:

-    Ч. Айтматовдун бейнесине арналган дубал гезити чыгарылды.

-  «Ата-Бейит» мемориалдык комплекске барышты.

-   Ч. Айтматовдун 10 томдугу кызматкерлер тарабынан сатып алынды.

Мындан тышкары,  «Боорукер сезим» иш-чарасы өткөрүлүп   300 (үч жүз) сомдон  10 (он) билет  майыптарга сатып берилди.

Өз   убагында аткарылып, жооп берилген иштер:

   - КР ПА 78 тапшырмасы;

   -   Премьер-министрдин  55 тапшырмасы;

   -   КР ЖогоркуКеӊешинин 5     тапшырмасы;

   - КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин    503 суроо-талабы;  

   - ар кандай уюмдардын жана мекемелердин,  жеке жактардын 368 кайрылусу;

   -  администрация тарабынан158 жаран кабыл алынган.