Институттун адистери Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу жаңжалдын кесепетинен жабыркаган турак үйлөрдү изилдөө иштерин улантышууда. Алар жабыркаган имараттарга андан ары калыбына келтирүү боюнча сунуштарды камтыган текшерүү актыларын түзүү менен ыкчам текшерүүнү жүргүзүшөт. 14.10 2022-жылга карата Баткен району боюнча жеке турак жай курулуш объектилери боюнча 60 текшерүү актысы жана 1 ФАП объектиси түзүлгөн. Лейлек району боюнча жеке турак жай курулуш объектилери боюнча 87 текшерүү актысы түзүлдү.

Ошондой эле институттун адистери жаңы имараттарды куруу жана бузулган имараттарды калыбына келтирүү боюнча илимий-техникалык кеңеш беришүүдө.