2021-жылдын 1нен 30-ноябрына чейин 17 ТК берилди.

анын ичинде:

- Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Үйүнүн түштүк бөлүгүндө жайгашкан жайлардын бир бөлүгүнүн техникалык абалына инженердик текшерүү

- Бишкек ш. Керимбеков көч. №1 дареги боюнча жайгашкан КР ЭКМКга караштуу Гидрометеорология агенттигинин “Кыргызгидромет” ишканасынын административдик имаратынын жайларынын техникалык абалына инженердик текшерүү

- Чүй облусу, Сокулук району, Военно-Антоновка айылы, Комсомольская көч. дареги боюнча жайгашкан мектептин имаратынын техникалык абалына инженердик текшерүү

- Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Булан-Сөгөттү айылы, Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтү дареги боюнча жайгашкан "Жылдызча" балдар бакчасынын имаратынын техникалык абалына инженердик текшерүү

- Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Корумду а. дареги боюнча жайгашкан К.Орозов атындагы орто мектептин актовый залынын имаратынын курулуш конструкцияларынын техникалык абалына инженердик текшерүү

1нен 30-ноябрга чейин 7 АШТ берилди:

анын ичинде:

- «Кыргыз Республикасынын УКМКнын Окуу-машыгуу борбору» объектисин долбоорлоого атайын техникалык шарттар

2021-жылдын 11-ноябрында институтта эл аралык катышуу менен “Autodesk Revit инструмкнттерин колдонуу менен долбоорлоого BIM-технологиясын киргизүү” деген темада окуу семинары өткөрүлдү.

Семинар институт тарабынан «Autodesk» компаниясынын расмий өкүлү “Шерой-Билим” ЖЧК менен биргеликте К.В. Столяров баштаган Autodeskтин Борбордук Азия боюнча расмий өкүлдөрүнүн катышуусунда уюштурду. Семинардын жыйынтыгында “Кыргыз Республикасында BIM технологиясын долбоорлоого жайылтуу стратегиясын иштеп чыгуу жөнүндө” резолюция кабыл алынды. Семинардын катышуучуларына тастыктамалар тапшырылды.

Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинде 2021-жылдын 24-ноябрында институттун кызматкерлери «Autodesk инструменттерин BIM билимине интеграциялоо» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.