ЖТКИДМИде 2021-жылдын 11-ноябрында эл аралык катышуу менен «Autodesk Revit инструменттеринин жардамы менен долбоорлоого BIM-технологиясын жайылтуу» деген темада семинар-тренинг болуп өттү.

      Семинардын уюштуруучулары катарында ЖТКИДМИ жана «Шерой-Билим» ЖЧК – К.В. Столяров баштаган Autodeskтин Борбордук Азия боюнча расмий өкүлдөрүнүн катышуусундагы «Autodesk» компаниясынын расмий өкүлү эсептелет.

Төмөндөгүлөр бетачар сөзү менен баяндама жасашты:

  1. Одров Артур - Казакстан «КАД СИСТЕМС» ТООнун техникалык директору, Autodesk компаниясынын тастыктама алган тренер-инструктору: «Plant 3Dнын долбоорлоого BIM технологиясын жайылтуу байланышындагы мүмкүнчүлүктөрү» деген темада.
  2. Мухамедов Есен - ISD инженери Autodeskтин тастыктама алган тренер-инструктору, “BIM- долбоорлоого жайылтуу үчүн Civil 3Dнын заманбап инструменттери”.
  3. Autodeskтин тренер-инструктору Ангелина Полтавцева тарабынан «Autodesk Revit инструменттеринин жардамы менен долбоорлоо» деген темада мастер-класс өткөрүлдү.

 Семинардын жыйынтыгында “Кыргыз Республикасында BIM технологиясын долбоорлоого жайылтуу стратегиясын иштеп чыгуу жөнүндө” резолюция кабыл алынды.

Семинардын катышуучуларына тастыктамалар тапшырылды.