Объектилердин техникалык абалын инженердик текшерүүдөн өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча 2021-жылдын 1-июлунан 31-июлуна чейин - 19 ТК берилди.

Анын ичинде:

И. Раззаков атындагы КМТунун жатаканасынын 3, 4-кабаттарындагы жайлардын техникалык абалына инженердик текшерүү жүргүзүү.

Ошондой эле 7 Атайын техникалык шарттар (АТШ) иштелип чыкты.

20-02:2018 КР КЧ “Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери” курулуш ченемдерине өзгөртүү киргизилди жана КР Мамкурулуштун 2021.17.02. №42-чуа буйругу менен бекитилди.

Ведомство аралык жумушчу топтун ишинин жыйынтыгынын негизинде институт тарабынан 31-02:2018 КР КЧга “Ысык-Ата жер жаракасына чектеш жайгашкан Бишкек шаарынын аймагын жана айылдарды долбоорлоо жана куруу” өзгөртүү киргизүү тууралуу буйруктун долбоору даярдалган жана министрликтерден макулдашуу барагы алынган.

КР КЧ 10-102:2020 “Курулуш терминологиясы” боюнча кызыкдар уюмдардын сунуштары каралып чыкты жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө буйруктун долбоору даярдалды. Бул буйруктун долбоору 2021-жылдын 15-июнунда кызыкдар уюмдарга (КР Куруучулар союзуна, Шаар куруу жана архитектура боюнча ГНИП жана Мамэкспертиза боюнча департамент) кароого жөнөтүлдү. Алардын буйруктун долбооруна карата сунуштары карап чыгуу алдында турат.