2021-жылдын 1-июнунан 30-июнуна чейин - 17 ТК берилди. Обьектилердин техникалык абалына жүргүзүлгөн инженердик текшерүүлөрдүн натыйжасында, анын ичинде:

Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 281 дарегиндеги Бишкек шаарынын ИИББсынын имаратынын (административдик имарат жана үстү жабык бокстор) техникалык абалына инженердик текшерүү жүргүзүлдү.

Бишкек шаары, Ч. Айтматов пр., 66а дарегинде жайгашкан И. Раззаков атындагы КМТУнун №1 окуу корпусунун биринчи кабаты (түндүк тарабы) инженердик текшерүүдөн өткөрүлдү.

Ошондой эле 6 даана атайын техникалык шарттар (АТШ) иштелип чыкты.

20-02:2018 КР КЧ “Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери” 2018-жылдын 31-декабрындагы №32-чуа. курулуш ченемдерине өзгөртүү киргизилди, КР Мамкурулуштун 2021.17.02. №42-чуа буйругу менен бекитилди.

Ведомство аралык жумушчу топтун ишинин жыйынтыгынын негизинде Институт тарабынан КР КЧ 31-02:2018 “Бишкек шаарынын аймактарын жана Ысык-Ата жер жаракасына жакын жайгашкан айылдарды долбоорлоо жана куруу” курулуш ченемине өзгөртүү киргизүү тууралуу буйруктун долбоору иштелип чыккан жана министрликтер менен макулдашуу барагы алынган.

КР КЧ 10-102:2020 “Курулуш терминологиясы” боюнча кызыкдар уюмдардын сунуштары каралып чыккан жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө буйруктун долбоору даярдалды. Бул буйруктун долбоору 2021-жылдын 15-июнунда кызыкдар уюмдарга (КР Куруучулар союзуна, Шаар куруу жана архитектура боюнча ГНИП жана Мамэкспертиза боюнча департамент) кароого жөнөтүлдү.