Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту   2020-жылдын 12 айында (бир жылда)           2020-жылдын 8-январынан 29-декабрына чейин  институт тарабынан төмөндөгү объекттердин имараттарына жана курулмаларына инженердик текшерүүлөр жүргүзүлдү жана жер титирөөгө туруктуулугуна  Техникалык корутундулар (ТК)  143 (бир жүз кырк үч) көлөмдө   берилди.

        2020-жылдын  8-январынан 31-декабрына чейин институт тарабынан долбоорлоого -53  Атайын техникалык шарттар (АТШ) иштелип чыкты.

Институтта төмөндөгү ченемдик документтер иштелип бүттү:

1. КР КЭ 10-102:2020 "Курулуш терминологиясы" КР Мамкурулушунун буйруктары менен бекитилди (КР Мамкурулушунун 2020.13.11. №160);

2. КР КЭ 53-101:2020 "Асма желдетилүүчү фасад тутумдары. Долбоорлоо жана иш жүргүзүү эрежелери" (КР Мамкурулушунун 2020.30.12. №176);

3. КР КЭ 13-02:2020 "Турган курулуштун имараттарынын профилин өзгөртүү, кайрадан мерчемдөө жана реконструкциялоо" (КР Мамкурулушунун 2020.30.12. №177).