COVID-19 вирусунун пандемиясыясынын курмандыктарынын жаркын элесине арналган аза күтүү күнүнө

     

COVID-19 вирусунун пандемиясыясынын курмандыктарынын жаркын элесине арналган аза күтүү күнүндө Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун жамааты эл менен бирге терең кайгырып, өз туугандарын, жакындарын, кесиптештерин жана жоро-жолдошторун жоготкондорго чын дилден көңүл айтат.

Кыргыз эли да бүтүндөй дүйнө жүзү менен бирге бул дарт менен күрөшүп, башынан оор күндөрдү өткөрүп жатат. Өкүнүчтүүсү, пандемия көптөгөн жарандарыбыздын өмүрүн алып кетти. Бул биздин өлкө үчүн орду толгус жоготуу.

COVID-19 вирусуна каршы күрөштө кыргыз эли биригип, бирин-бири колдоп жаткан учуру.

Кыргыз эли жалпы биримдик менен бул пандемияны жеңип чыгарына биз ишенебиз.