Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2020-жылдын 08-январынан 31-мартына чейинки аралыкта (1-кв.)  38 объекттин имараттарынын жана курулмаларынын жер титирөөгө туруктуулугуна  Техникалык корутунду берди. Алардын ичинде 11 социалдык маданий объектке, МЖАКтын 3 объектисине, кайра пландоого 2 батирге, реконструкциялоого 2 имаратка жана 20 турак үйгө берилди.

Андан тышкары институт тарабынан долбоорлоого 19 атайын Техникалык шарт (АТШ) иштелип чыкты.

 “Өзгөчө абал” жарыялангандыгына байланыштуу, институт өз ишин аралыктан жүргүзүүгө өткөндүгүн белгилеп кетебиз. Ушуга байланыштуу, тапшырык берүүчүлөр ушул сайт аркылуу атайын Техникалык шарттарды (АТШ) иштеп чыгууга арыздарды берсе болот. Арыздын жана башка тиешелүү документтердин үлгүлөрүн сайттан көрө аласыздар.