Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 11 айдын ичинде, 2019-ж. 8-январынан 30-ноябрына чейин   институт тарабынан төмөндөгү объекттердин имараттарына жана курулмаларына инженердик текшерүүлөр жүргүзүлдү.

Жалпысынан Техникалык корутундулардын саны– 140 (бир жүз кыркты) түздү.

Ал эми атайын Техникалык шарттар жалпы саны – 43 (кырк үч) түздү.

Институттун кызматкерлери директор А.Ж. Сыдыков баш болуп Казакстан Республикасынын Алмата шаарында 4.11.19 тартып  7.11.19. чейин «КазНИИСА»  ААКнын сыноо базасында жүргүзүлгөн эки кабаттуу болот  тактасында “Асма фасад тутумдарында” дирилдетип-титиретүүчү сыноолорго катышып келишти.

КР Мамкурулушунун буйругунун негизинде (№107-ком.  12.11.2019) институттун директору А.Ж.Сыдыков  2019-ж.13-16-ноябрына чейин Казакстан Республикасынын Алмата шаарында КМШнын базалык уюмунун жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча биринчи отурумуна катышып келди.