Институттун директору А.Ж. Сыдыков башында турган кызматкерлер тобу 2019-жылдын 4-ноябрынан 7-ноябрына чейин Казакстан Республикасынын Алмата шаарындагы «КазНИИСА» АКнын сыноо базасында эки кабаттуу болот тактасында “Асма фасад тутумдарына” дирилдетип-титиретүүчү сыноолорун өткөрүү боюнча иш-чарага катышып келди.
Уюштуруучулар көздөгөн иш-чаранын негизги максаттары жана милдеттери:
- Жер титирөөгө туруктуу курулушту изилдөө жаатында тажрыйба алмашуу.
- Дирилдетип-титиретүүчү машина менен имараттарды турган жеринен сыноо боюнча методикаларды жана иш тажрыйбаларын изилдөө.