Ар түрдүү арматура бар!
Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун адистери бузулган участоктору, атап айтканда, жабуу плиталары бузулган имаратка кезектеги инженердик текшерүүлөрдү жүргүзүшкөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө институттун кызматкерлери шайкештигин текшерүү үчүн арматуранын үлгүлөрүн алышкан.
Арматура институттун лабораториясына алынып келишип, аны чоюп-сындырууга аракет кылышкан. Ар кандай диаметрдеги арматуралар алынгандыгын белгилей кетүү керек, ал канчага чейин чоюлуп, кандай күч-аракетте сына турганын түшүнүү маанилүү болгон.
Баса, мунун баары атайын чоюп-сындыруучу машинада текшерилет.
Ошентип, институттун адистери ар кандай объектилерди курууда пайдаланылган арматуранын сапатын текшеришет.
Арматура кандай шарттарда кармалганын, ачылгандыгына көп болгондугун, таза же дат баскандыгын билүү дагы маанилүү.
Дал ушул сыноого келсек, арматура долбоордо белгиленген талаптарга жооп берет. Ал долбоордук чечимдерге ылайык келет.
Каалаган адам институтка кайрыла алат, ЖТКИДМИнын адистери жерине барып үлгүлөрүн алышат, баса, арматуранын эле эмес, бетонду дагы керноотборниктин жардамы менен сынап көрүүгө болот. Каралып жаткан объектинин курулуш конструкцияларын текшерүү иштеринин наркын эсептөөнүн үлгүлөрү биздин расмий сайтта бар  www.giss.kg/index.php/ru/contacts/obrazets-kalkulyatsij