2022-жылдын 1нен 30-августуна чейин 33 ТК берилди.
Анын ичинде:
№502 жана 504 кызматтык бөлмөлөргө инженердик текшерүү (КР ЖКнын
имараты).
Д.Өмүрзаков атындагы Кичи спорт аренасына инженердик текшерүү.
Чүй облусу, Аламудун району, Жогорку Орок а. дарегинде жайгашкан №90
мектептин имаратына инженердик текшерүү.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Эне жана
баланы коргоо улуттук борборунун бүтө элек имаратынын жана техникалык
кабатынын конструкцияларына инженердик текшерүү.
№19 мекеменин (КР ЮМ СИН) )аймагындагы имараттарга инженердик
текшерүү.
2022-жылдын 1нен 30-августуна чейин 5 АТШ берилди.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-
июлундагы “Балдар мекемелерине социалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө”
токтомун аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын
Мамкурулуштун 26.07.2022-жылдагы катына ылайык, институт тарабынан
Сүлүктү шаарындагы атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатына жана
Кара-Суудагы интернат типтеги дүлөй балдардын адистештирилген бала
бакчасына10 000 сом өлчөмүндө каражат бөлүнүп берилди.
«Техникалык ченемдөө» башкармалыгынын начальниги Дж.А.
Шайымбетов Кыргыз Республикасынын Мамкурулушунун 2022-жылдын 25-
августундагы № 07/47-МА телефонограммасына ылайык Кыргыз
Республикасынын Мамкурулушунун КР КЧ 41-03:2022 «От казандык
орнотмолору» жана КР КЧ 41-04:2022 «Абаны жылытуу, желдетүү жана
кондициялоо» курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө кезектеги техникалык
кеңешине катышты.