Институт тарабынан 2021-жылдын 4-январынан 29-декабрына чейин аткарылган Техникалык корутундулардын (ТК) жалпы саны -183 ТК түздү.

2021-жылдын 4-январынан 29-декабрына чейин аткарылган Атайын техникалык шарттардын (АТШ) жалпы саны 56 АТШ түздү.

2021-жылдын 1-декабрында МИКО-7М(А), МИКО-8М(А), МИКО-9А0 заманбап миллиомметрлердин жардамы менен индуктивдүү объектилердин техникалык абалын контролдоо темасындагы онлайн окуу вебинарына институттун директорунун орун басары К.И.Кенжетаев катышты.

2021-жылдын 30-ноябрынан 2-декабрына чейин болгон Seismo-Sibgeotec-2021 (on-line режиминде) инженердик сейсмология, геотехника жана курулмалардын динамикасы боюнча Евразиялык форумдун угуучулары катарында институттун директору А.Ж.Сыдыков катышты.

институттун директору А.Ж.Сыдыков 2021-жылдын 14-декабрында Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарында болуп өткөн Л.Н. Гумилев атындагы ЕМУ университетинин 30 жылдыгына арналган онлайн конференцияга (архитектура-курулуш факультетинде) катышты..

Азыркы кезде, “Юнисон Групп” менен биргеликте Эл аралык жумушчу топ түзүлүп, «От кана орнотмолору» КР КЧ 41-03: 2021 жана «Жылытуу, желдетүү жана абаны кондициялоо» КР КЭ 41-105: 2021 иштеп чыгуу боюнча иштер башталды.

“Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери» КР КЧ 20-02: 2018 өзгөртүүлөр киргизилди жана Кыргыз Республикасынын Мамкурулуштун 2021-жылдын 17-февралындагы № 42-чуа буйругу менен бекитилди.

Ошондой эле, Мамкурулуштун 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 46-чуа буйругу менен «Курулуш терминологиясы» КР КЭ 10-102:2020 курулуш эрежелерин бекитүү жөнүндө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

Мамкурулуштун 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 47-чуа буйругу менен «Бишкек шаарынын жана Ысык-Ата жаракасына чектеш айылдардын аймактарын долбоорлоо жана куруу" КР КЧ 31-02:2018 өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамына өзгөртүү киргизилди.