2021-жылдын 4-январынан 30-сентябрына чейин аткарылган Техникалык корутундулардын (ТК) жалпы саны 127 TK түздү.

Анын ичинде төмөндөгүлөр аткарылды:

- Чүй облусу, Кемин району, Кара-Булак айыл өкмөтү, Бейшеке айылы дареги боюнча жайгашкан А.Койгелдиев атындагы орто мектептин (Кара-Булак айыл өкмөтү) имаратынын техникалык абалын инженердик текшерүү.

- «Бишкек» ЭЭАнын аймагында жайгашкан жыгач устаканасы жана бастырмасы бар кампа жайларынын техникалык абалын инженердик текшерүү, келишим 164/21 09.2021-ж.

- Бишкек шаары, Ауэзов көч. № 1/2 дареги боюнча жайгашкан “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАКтын турак эмес имаратынын техникалык абалын инженердик текшерүү

2021-жылдын 4-январынан 31-августуна чейин аткарылган атайын техникалык шарттардын (АТШ) жалпы саны 35 АТШны түздү.

Анын ичинде берилгендер:

- объектини долбоорлоого техникалык шарттар: « Бириккен Россия аскер базасынын 999 аскердик лагеринин аймагында маданий, социалдык жана тиричилик объектилеринин курулушу, Кант ш., Кыргыз Республикасы, 240 орундуу бала бакча.

- өз аймагында кеңселери, социалдык жана маданий объектилери жана жер астындагы паркинги бар 12 кабаттуу турак жайды долбоорлоого техникалык шарттар. Фрунзе көч. - Т.Үмөталиев көч.

- Институт тарабынан “2021-жылдын IV чейрегине карата негизги иш-чаралардын графиги" иштелип чыгып, бекитилди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамкурулушка жөнөтүлдү.

Мамлекеттик курулуштун тапшырмасын аткаруу максатында 2021-жылдын 23-сентябрынан 27-сентябрына чейин директор А.Ж.Сыдыков баштаган институттун кызматкерлери тарабынан Кара-Кулжа районунун Коо-Чаты айылындагы (Алай-Куу айыл өкмөтү)Сагындык атындагы мектептин жана Ош облусунун Алай районунун Коммунизм айылындагы (Гүлчө айыл өкмөтү) Сабира Төрөшова атындагы мектептин имараттарына инженердик текшерүү жүргүзүлдү.

“Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери” КЧ KR 20-02: 2018 курулуш ченемдерине өзгөртүүлөр киргизилип, КР Мамкурулуштун 2021-жылдын 17-февралындагы № 42-чуа буйругу менен бекитилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-январындагы №15 токтомуна ылайык “Кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоодо сейсмикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча атайын техникалык шарттар жөнүндө жобо” иштелип чыгып, Мамкурулуштун 2021-жылдын 23-мартындагы № 44-чуа буйругу менен бекитилди.

Мамкурулуштун 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 46-чуа буйругу менен “Курулуш терминологиясы” КЭ 10-102: 2020 Курулуш эрежелерине» өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

Мамкурулуштун 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 47-чуа буйругу менен "Бишкек шаарынын жана Ысык-Ата жаракасына чектеш айылдардын аймактарын долбоорлоо жана куруу" КР СЧ 31-02: 2018 өзгөртүү киргизилди.