Иш-чара жер титирөөгө кооптуу аймактарда билим берүү көйгөйлөрүн ого бетер көбөйткөн климаттык өзгөрүүлөргө жана кырсыктардын тобобкелдиктерине арналды. Форум Дүйнөлүк банктын мектептердин коопсуздугу боюнча(GPSS) программасынын жетекчилигинде өттү.
Форумда Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын өкүлдөрү катышты. Форумдун максаты – Борбор Азиядагы мектептердин коопсуздугун жогорулатууда кардар өлкөлөр менен өз ара байланышууларды жана жардамдашууну күчөтүү.
Форумда төмөндөгү суролор каралды:
- мектеп инфратүзүмүнүн коопсуздугуна жана туруктуулугуна глобалдуу көз караш;
- Борбор Азиядагы мектеп имараттарынын өндүрүмдүүлүгү;
- ERIK долбоору боюнча масштабдуу пландоо;
- масштабга жетүү үчүн жагымдуу чөйрө.
Бул форумда Кыргызстандын атынан баяндама окугандар:
- “Возможности для нового поколения строительных норм в Кыргызской Республике" темасы боюнча МУИТтин директору – Бегалиев У.Т. , ЖТТКжИДМИнин директору – Сыдыков А.Ж.
- "Изучение фактов и новых технологии для повышения устойчивости школьных зданий" темасы боюнча МУИТтин директору – Бегалиев У.Т.
- Жыйынтыктоочу сөз менен КР Мамкурулушунун статс-катчысы - Борубев С.Н. чыкты.