Биздин окуялар

Подробнее

Жумуш

Подробнее

Өтүнмөлөрдүн үлгүсү

Подробнее

Баанын чогултуу

Подробнее

Жаңылыктар

  • Жаңы Ош базардын курулушундагы конструкциялык материалдардын сапаты текшерилди
    Жаңы Ош базардын курулушундагы конструкциялык материалдардын сапаты текшерилди Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан жаңы Ош базарынын курулушундагы конструкциялык материалдардын сапатына текшерүү жүргүзүлдү. Көчмө текшерүү Бишкектин түндүк тарабы, Достук айылынын жанында курулуп жаткан соода жана базар комплексинде жүргүзүлдү. Адистер керектүү материалдардан үлгүлөрдү алып, темир-бетон конструкцияларынын сапатын текшерди. Иш-аракеттердин жыйынтыгы боюнча институт тарабынан тиешелүү протоколдор берилет. Белгилей кетсек, жаңы соода жана базар комплекси азыркы Ош базарына салыштырмалуу болжол менен 5 эсе чоң…
  • Ош: №41 мектептин имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү
    Ош: №41 мектептин имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы тарабынан Ош шаарындагы №41 Хабиб Абдуллаев атындагы орто мектептин имаратына инженердик-техникалык текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүү Академик Королёв көчөсүндө жайгашкан мектеп имаратында өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты объекттин учурдагы абалын баалоо жана жер титирөөгө туруштуулугун аныктоо болуп саналат. Адистер мектептин долбоордук документтерин карап чыгып, конструкциялык бөлүктөрдүн ишенимдүүлүгүн аныктоо үчүн тиешелүү өлчөөлөрдү жүргүздү. Натыйжада, институт тарабынан…
  • Март айында 81 курулуш объектиси боюнча Техникалык корутунду берилди
    Март айында 81 курулуш объектиси боюнча Техникалык корутунду берилди Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын февраль айында республика боюнча 81 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди. Аталган корутундулар объектилердин жер титирөөгө туруктуулугун баалоого, ошондой эле долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына жана техникалык стандарттарга шайкештигин аныктоого мүмкүндүк берет. Текшерүүлөрдүн алкагында ар түрдүү багыттагы имараттар, анын ичинде социалдык инфратүзүм объектилери да камтылды. Белгилей кетсек, техникалык корутундулар инженерлер тарабынан учурдагы имараттардын реконструкциялоосуна…
  • Бишкектеги ири долбоордун курулушу боюнча инженердик чечимдер талкууланды
    Бишкектеги ири долбоордун курулушу боюнча инженердик чечимдер талкууланды Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов институттун кызматкерлери менен биргеликте борбор калаадагы “Роял Централ Парк” долбоорунун курулуш иштери менен таанышты. Бишкек шаарынын Термечиков 16 дарегиндеги көп функционалдуу шаар комплексинин курулушу 2025-жылдын жаз айларында башталган. Долбоор заманбап архитектуралык чечимдерди жана сейсмикалык коопсуздук талаптарын эске алуу менен ишке ашырылууда. Институт өкүлдөрү тарабынан долбоордун курулушу боюнча бир катар сунуштар…
  • Ош: “Манас” стадионуна инженердик текшерүү жүргүзүлдү
    Ош: “Манас” стадионуна инженердик текшерүү жүргүзүлдү Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы тарабынан Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы “Манас” стадионуна инженердик текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүү борбордук стадиондун бүгүнкү күндөгү техникалык абалын баалоо максатында уюштурулду. Текшерүүнүн жыйынтыгында институт тарабынан курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, объектти мындан ары коопсуз пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыгат.
  • Курула турган жаңы заводдун сейсмикалык коопсуздук маселеси талкууланды
    Курула турган жаңы заводдун сейсмикалык коопсуздук маселеси талкууланды Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов Кытай Эл Республикасынын “Цзюньсин Хуаньбао Кей Джи Инвест” компаниясынын директору Дай Даого менен жолукту. Иш-чаранын алкагында Бишкек шаарындагы таштандыларды кайра иштетүүчү эко-технологиялык заводдун ишмердүүлүгү менен тааныштырылды. Ошондой эле анын жанына кошумча өндүрүш заводун куруу пландары, жер кыртышынын абалы жана сейсмикалык коопсуздук маселелери талкууланды. Жолугушууда кытай тараптын демилгеси менен аталган долбоордун…
  • Имараттардагы суу түтүгү жана канализация ченемдери боюнча жыйын өттү
    Имараттардагы суу түтүгү жана канализация ченемдери боюнча жыйын өттү Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун жыйындар залында “Имараттардын ички суу түтүгү жана канализациясы” курулуш ченемдерин кароо боюнча жыйын өттү. Жыйында министрликтин 2025-жылдын 10-февралындагы №87 ЧУА буйругу менен бекитилген СН КР 40-04:2025 “Имараттардын ички суу түтүгү жана канализациясы” деп аталган ченемдик документтин алкагында суунун салыштырма чыгымы боюнча маселелер көтөрүлүп, талкууланды.Алар:-ишке ашырууга кызыктар уюмдардын сунуштары;-курулуш ченемдерин өзгөртүүгө байланыштуу маселелер;-суу пайдалануу…
  • “Ош Сити” соода борборунун курулушу боюнча жаңы жол картасы иштелип чыгат
    “Ош Сити” соода борборунун курулушу боюнча жаңы жол картасы иштелип чыгат Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун жыйындар залында техникалык кеңешме өттү. Кеңешмеге институттун директору Канат Канболотов жана “Бизнес Хаус КЖ”, “Morphosis & Phoenix Architect” ЖЧКларынын өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө “Ош-Сити” долбоорунун алкагында курулуп жаткан IT-шаарчанын аймагындагы “Ош Сити” соода борборунун имаратынын пайдубалын жана каркасын долбоорлоодо арматуранын бириккен жерлеринде колдонулган жаңы технологиялык ыкмалар талкууланды. Ошондой эле пайда болгон техникалык маселелерди…
  • Ош: Эски пахта заводдун имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү
    Ош: Эски пахта заводдун имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан Ош облусунун Араван районуна караштуу Достук айыл өкмөтүнүн Араван айылындагы мурунку пахта заводдун имараттарына инженердик текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүү эскилиги жеткен имараттардын учурдагы техникалык абалын баалоо максатында уюштурулду. Адистер объекттин техникалык документтерин карап чыгып, имараттардын конструкциялык абалын изилдеп, мүмкүн болгон кемчиликтерге талдоо жүргүздү. Аймактын жалпы аянты 10,84 гектарды түзөт. Текшерүүнүн жыйынтыгында институт тарабынан…
  • Ош: Присавай айылындагы мектеп имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү
    Ош: Присавай айылындагы мектеп имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Присавай айылындагы мектептин имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүү көп жыл мурда салынган №128 Тентибай Кадырбаев атындагы орто мектептин имаратынын бүгүнкү күндөгү техникалык абалын баалоо максатында уюштурулду. Адистер объекттин долбоордук жана техникалык документтерин карап чыгып, анын конструкциялык схемасын жана учурдагы абалын изилдеди. Ошондой эле тиешелүү чиймелер түзүлүп, мүмкүн…
  • Бишкек: Бийик имараттарды курууда заманбап конструкциялык технологиялар колдонулууда
    Бишкек: Бийик имараттарды курууда заманбап конструкциялык технологиялар колдонулууда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов институттун адистери менен биргеликте Бишкек шаарындагы бийик категориядагы көп кабаттуу курулуш объектилеринде колдонулуп жаткан заманбап технологиялар менен таанышты. Иш-чаранын алкагында адистер курулуш иштеринин жүрүшү, инженердик жана конструкциялык чечимдер, ошондой эле объектинин техникалык коопсуздугун камсыздоого багытталган ыкмалар менен таанышты. Өзгөчө белгилеп кетүүчү жагдай - акыркы мезгилде бийик имараттарды курууда вертикалдык көтөрүүчү…
  • Бир ай ичинде 73 объектинин техникалык корутундусу берилди
    Бир ай ичинде 73 объектинин техникалык корутундусу берилди Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан февраль айында республика аймагында жайгашкан 73 курулуш объектисине техникалык корутундулар даярдалып, тиешелүү тартипте берилди. Бул корутундулар курулуш объектилеринин жер титирөөгө туруктуулугун, долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына жооп берерин жана техникалык стандарттарга шайкештигин аныктоодо негизги роль ойнойт. Институттун адистери тарабынан жүргүзүлгөн техникалык кароолор жана эсептик талдоолор ар кандай багыттагы объектилерди, анын ичинде турак жай имараттарын, коомдук…
  • Өлкөдөгү абалы начар мектептер боюнча техникалык текшерүү жүргүзүлүүдө
    Өлкөдөгү абалы начар мектептер боюнча техникалык текшерүү жүргүзүлүүдө Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, республика аймагындагы техникалык абалы канааттандырарлык эмес мектеп имараттарын аныктоо жана алардын учурдагы абалын баалоо максатында текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Иш-чаранын алкагында министрлик тарабынан ведомстволор аралык атайын комиссия түзүлүп, аны министрликке караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту жетектөөдө. Анын курамына Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, ошондой эле жергиликтүү өз…
  • Бир ай ичинде 62 объектиге техникалык корутунду берилди
    Бир ай ичинде 62 объектиге техникалык корутунду берилди Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан 2026-жылдын январь айында республика боюнча 62 курулуш объектисине Техникалык корутундулар берилди. Бул корутундулар имараттардын жана курулуштардын жер титирөөгө туруктуулугун, долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына жооп берерин жана техникалык стандарттарга шайкештигин аныктоодо негизги роль ойнойт. Институт тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөр ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфратүзүмдүк объектилерди камтыды. Белгилей кетсек, техникалык корутундулар инженерлер тарабынан учурдагы имараттардын…
  • Инженердик изилдөө үчүн заманбап жабдуулар практикадан өткөрүлдү
    Инженердик изилдөө үчүн заманбап жабдуулар практикадан өткөрүлдү Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту геодезия жана картография тармагындагы “Тюменгеотехальянс” ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимдин негизинде изилдөө иштери үчүн жаңы заманбап жабдуулар көрсөтүлдү. Белгилей кетсек, “Тюменгеотехальянс” ЖЧКсы - Россия Федерациясында катталган геотехникалык картографиялык жана инженердик-изилдөө кызматтарын көрсөтүүчү компания. Иш-чаранын алкагында аталган компания тарабынан иштеп чыккан “Велосиметр” жана “Сейсмикалык регистратор Байкал 7” жабдуулары тааныштырылды. Ошондой эле институттун адистери жабдууларды бир…

БИЗДИН ПАРТНЕРЛОР

KAZNIISA.KZ

«Казахский научно-исследовательский и проектно-экспериментальный институт сейсмостойкого строительства и архитектуры»

CNIIPMINSTROY.RU

ФГБУ«ЦНИИП Минстроя России»

TSNIISK.RU

ЦНИИСК им. В. А. Кучеренко

IAEEE.KG

Международная Ассоциация экспертов по сейсмостойкому строительству

INTUIT.KG

Международный Университет Инновационных Технологий

ENU.kz

ЕВРАЗИЙСКИЙ НАЦИОНАЛЬНЫЙ УНИВЕРСИТЕТ ИМЕНИ Л.Н. ГУМИЛЕВА

KSUCTA.KG

Кыргызский государственный университет строительства, транспорта и архитектуры им.Н.Исанова

KRSU.EDU.KG

Кыргызско-Российский Славянский университет им. Б.Н. Ельцина

GARANTPROJECT.KG

ОсОО «Гарант проект»

Gpi.kg

ГПИ КР

RCSS.Gov.kg

Стройсертификация КР

Gosexpertiza.Gov.Kg

Департамент Гос Экспертизы

karkas.kg

Karkas KG

BISHKEKKURULUSH.KG

АО Производственно-строительная фирма «Бишкеккурулуш»